Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

УКРАИНА ИЧКИ САЯСИЙ АРАЗДАШУУ КАПКАНЫНАН БОШОНДУБУ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ Украинанын президенти Виктор Ющенко өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды бекитти. Алдыңкы күнү ал документтин долбоору парламент тараптан колдоого алынган. Жекшембиде Ющенко мурда өзү чыгарган парламентти таркатуу туурасындагы Жарлыгынын күчүн эки күнгө токтото туруу тууралуу чечимге кол койгон. Ал эки күндүн ичинде депутаттар 30-сентябрде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөзүү мүмкүн болсун үчүн өлкөнүн шайлоолор боюнча мыйзамына толуктоолорду киргизишет дешет. Ал күнү президент Виктор Ющенко менен премьер-министр Виктор Янукович ички саясий кармашты токтотуу боюнча макулдашууга жетишти.

Украинанын эки саясатчысы ортосунда айгайлашкан кармаш 2-апрелде президент Ющенко парламентти мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо чечимин жарыялаганда аны өкмөт башчы Янукович тааныбай туруп алгандан башталган. Андан бери эки ай өтсө да өлкөдө саясий турмуш сенейген абалында эле. Акыры тирешүү күч түзүлүштөрүнүн мушташына дейре жетип, тараптар ошондон соң кезектеги 27-майда жолугушуу өткөргөн. Ошол жерде алар бир пикирге келишип, Жогорку Раданы кайра шайлоону мурда президент сунуштагандай 24-июнда эмес, өкмөт башчы сунуштагандай 30-сентябрда өткөрүү жыйынтыгы менен аякташкан.

30-майда ИТАР-ТАСС кезексиз шайлоону өткөрүү үчүн Украинанын өкүмөтү 365 миллион гривен (70 миллион доллар) каражат бөлдү деп жазып чыкты. Ал туурасында өлкөнүн каржы министри Николай Азаров билдирген.

Анын алдыңкы күнү Жогорку Раданын депутаттары президент чыгарган жарлыкка моюн сунбай иштеген убакта кабыл алган 53 мыйзам күчүнөн кетсин үчүн кол көтөрүп, жокко чыгарышкан.

Орусиялык саясий анализчи Иван Стариков айтканга караганда мурдагы советик республикалар арасынан Киев азыркы тушта калктын пикири менен эсептешип саясат жүргүзүү жолуна түшкөн.

"Эмне дегенде Украинада нагыз сөз эркиндиги бар. Маалымат каражаттары көз каранды эмес. Саясий партиялар, коомдук уюмдар бар. Ал өлкөдө жарандар таасири Орусияныкына салыштырганда алда канча күчтүү. Ошол себептен, түстүү ыңкылаптан кийин Украинада пайда болгон саясий маданияттын паанасы тийип, ал өлкөдө күч менен бийлик тартып алуу болбойт деп эсептейм»,- дейт Иван Стариков.

Анализчилер чөйрөсү болсо украиналык саясий кармаштын акыры көрүнгөндөй болду дешет. Бир жагынан алганда Ющенко жеңди, эмне дегенде ал каалагандай парламентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү атат. Ошол эле учурда Янукович жеңди, эмне дегенде шайлоо майдын этегинде болбой, ал сунуштагандай күзгө калтырылды дешет.

XS
SM
MD
LG