Ак үйдө Боб Зелликти коомчулукка тааныштырып жатып, Буш аны дүйнөлүк банктын башчылыгына жараган бирден-бир адис деп сыпаттады.Буштун айтымында, Зеллик дүйнөнүн ар түрдүү аймактарындагы лидерлер арасында ишенимге жана колдоого арзыды, дүйнөлүк банктын озуйпасын жакшы түшүнөт. Жакырчылыкка каршы күрөшкө көмөктөш болууну көздөйт жана адамдарда жакшы жашоонун үмүтүн жандыргысы келет. Бул муратка ал баш-оту менен берилген адам, деди Буш.
Роберт Зеллик маалымат жыйынындагы сөзүндө дүйнөлүк банкты азыр туш болгон кыйынчылыктан чыгарганга жигери да,тажрыйбасы да жетерине ишендирди. Зеллик банк кыйын-кыстоо мезгилди кечирип жатканын белгиледи. Дүйнөлүк финансылык бу мекемеден көңүлү калгандар, андан камтама болгондор көп, мунун баары уюмдун келечегине кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бирок Зеллик банктын жаңы барагын ачканга чечкиндүү.Уюмдун башкы мураты өзгөлөргө жардамдашууда турганын белгилеп,Зеллик ушу максатка жетүүдө кандай кадамдарды жасаш керек,бу жагынан банктагы кесипкөй адистердин ой-пикирлерин укканга даяр экенин кошумчалады.
Боб Зеллик 53тө. Буштун биринчи президенттик шайлоо өнөктүгүндө эле анын командасына кошулган. Беш жылдай тышкы соода өкүлчүлүк мекемесин жетектеди. Анын тушунда соода-сатык чөйрөсүндө Дохада глобалдык сүйлөшүүлөр түрмөгү башталган, Кытай дүйнөлүк соода уюмуна кирген,АКШ эркин соода режими боюнча эки тараптуу бир катар келишимдерди түзүүгө жетишкен. Акыркы жылдары мамлекеттик катчынын орунбасары болуп жүрдү,азыр Wall Street investment bankта иштейт,бир катар коомдук уюмдардын мүчөсү.
Лондондо чет элдик өнүгүү иштерин изилдеген институттун эксперти Шейла Пэйж жаңы президенттин биринчи кезектеги милдети деп банк башкармалыгына кирген өкмөттөрдүн,банктын мүчөлүгүндө турган өлкөлөрдүн ишенимин кайра бекемдөөнү атады.
Зелликтин талапкерлигин эми дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши бекитүүгө тийиш. Банктын азыркы президенти Пол Вулфовиц көңүлдөш аялын ашепке колдоп,анын жалыйнасын опсуз көтөрүп бергени билинип калып, кызматтан өз эрки менен кетүүгө аргасыз болду. Президенттик орунду ал эмки айдын этегинде бошотот.