Резолюция долбоору Франция, АКШ жана Британия тарабынан сунуш этилген. Документти Коопсуздук кеңешинин 10 мүчөсү колдоп, Россия, Кытай, Катар, Индонезия жана Түштүк Африка добуш берүүдөн баш тартышты.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Залмай Халилзад резолюция колго салынгандан кийин буларды билдирди:
-Бул резолюцияны кабыл алуу менен Коопсуздук кеңеши, Ливан же башка өлкө болобу, саясий адам өлтүрүү жазасыз калбаш керек деген принципти карманаарын көргөздү. Рафик Харинини жана көптөгөн башка адамдарды өлтүргөндөр сот жообуна тартылат.
Британиянын элчиси Эмир Жоунс Пэрри бул чечим Ливандын ички иштерине кийлигишүү болуп эсептелбей турганына басым жасады:
-Бул суверендүү мамлекеттин ички саясий иштерине кийлигишүү эмес. Ливандын өкмөтү ички процедуралык туңгуюктан чыгуу үчүн Коопсуздук кеңешине кайрылган. Резолюцияны ага жооп катары бааласа болот.
Кеңештин бардык эле мүчөлөрү ушундай пикирге кошула бербейт:
-Документтин авторлору тандаган схема эларалык номарларга канчалык дал келет деген күнөм саноо туулат. Улуттар уюму менен Ливан ортосундагы келишим бир эле тараптын чечими менен күчкө кире албайт, - деди Россиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин.
Улуттар уюмунун тергөөчүлөрү Хариринин өлтүрүлүшүнө Сириянын жана Ливандын коопсуздук органдарынын тиешеси бар деген тыянакка келишкен. Дамаск андай ырастоону четке кагып келатат.
Сириянын Улуттар уюмундагы элчиси Башар Жаафари добуш берүүнү мындайча баалады:
-Резолюциянын артында тургандар жоопкерчиликти өзүнө алышы керек. Бирок документтин Ливан элинин, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келээри анык.
Сириянын мамлекет башчысы Башар Ассад шектүү деп таанылган сириялык жарандар өлкөдө соттолот жана трибуналга өткөрүп берилбейт деп билдирди.
10-июнга чейин Ливан парламенти документти ратификациялашы керек, же болбосо Коопсуздук кеңеши трибуналдын иштешине бир тараптуу уруксат берет. Ливандын өзүндөгү батышчыл күчтөр резолюцияны колдошту. Бирок өлкөнүн саясий чөйрөсүндө, албетте, каршы пикирлер да айтылууда.