Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:13

ЕВРОСОЮЗ МЕНЕН ИРАН МУНАСАГА КЕЛЕ АЛЫШКАН ЖОК


Жаныл Жусубжан, Прага Европа Союзунун тышкы саясатын тейлеген Хавиер Солана жана ядролук сүйлөшүүдөгү Ирандын башкы арачысы Али Ларижани Тегерандын ядролук программасы боюнча талашты туңгуюктан чыгара алышкан жок. Бирок 31-майда Мадридде өткөн сүйлөшүүдө алар жарым айдан кийин кайра жолугушууга макулдашышты.

Төрт саатка созулган жолугушуудан кийин Солана менен Ларижанинин эч кимиси олуттуу жылыш тууралуу сөз кылышкан жок. Кабар агенттиктери кийин дипломатиялык булактарга шилтеме берип, башка маселелерде мунаса болбогондуктан, эки тарап эл аралык ядролук кызматташтыктын азыраак талаш туудурган аспектилерин сөз кылышканын маалымдашты.

Солана улам барган сайын алга жылуу кыйындап жаткандыгын мындайча билдирди:

Убакыт өткөн сайын, азыркы абал сакталып кала берсе, келишимге жетүү кыйындайт, ошондуктан биз бүгүн шымаланып аракеттенгенибиз зарыл.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши буга чейин Ирандын ядролук жана согуштук өнөр-жайын бутага алган санкциялардын эки топтомун кабыл алган. Ал эми Кошмо Штаттары Иран ийкемдүүлүк көрсөтпөсө, дагы жаңы чараларды киргизүүгө аракет кылаарын эскертүүдө.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бейшемби күнү кайрадан Тегеранды "ядролук курал жасап жатпагандыгын далилдөөгө" чакырып, Коопсуздук Кеңеши Тегерандан уран байытууну токтотушун талап кылаарын дагы бир жолу эскертти.

Бирок, бул күнү Мадридде кабарчылар менен сүйлөшкөндө Али Ларижани мындай талаптын кабыргасынан коюлуп жаткандыгын жокко чыгарууга мындайча аракеттенди:

- Ирандын уранды байытуу программасын токтотууга биз – саясатчыларга караганда, силер, журналситтер, көбүрөөк кызыгат окшойсуңар. Уран байытууну токтотуу бүгүн маалымат каражаттарынын оюнчугуна айланды",- деп айтты ирандык өкүл.

Тараптар эки аптадан кийин кайра жолугуша турган болуп таркашты. Анын аралыгында, өнүккөн сегиз өлкөнүн келерки аптада өтө турган саммитинде Ирандын ядролук маселеси кайрадан күн тартибине коюлуп жатат.
XS
SM
MD
LG