Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

ӨКМӨТ БАШЧЫНЫ УУЛАНДЫРГАНДАРДЫН АРКАСЫНДА КИМДЕР ТУРАТ?


Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет премьер-министр Алмаз Атамбаевдин уулануу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө алды. Бир айга чукул убакыттан бери эл оозунда келаткан бул факты кыйла талаш-тартыш жаратты.

Буга чейин ар кыл имиштерге жем таштаган премьер-министрди ууландыруу боюнча маалыматты иликтөөгө атайын кызматтар жыйырма күн өткөндөн кийин киришип отурат. Мындан бир нече күн мурун башкы прокуратуранын жооптуу кызматкерлери мунун себебин Алмаз Атамбевдин арыз бербегендиги менен түшүндүрүшкөн болчу. Башкы прокуратуранын кечээ тараткан маалыматына караганда, кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш ишин премьер-министрдин арызынын жана мамлекеттик күзөт кызматынын кызматтык иликтөөсүнүн негизинде ачты. Алмаз Атамбаевдин маалымат катчысы Эрмек Козубеков «Азаттыкка» премьер министр арыз берген эмесдеп билдирди:

- Алмаз Атамбаев уулангандыгы жөнүндө арыз менен эч кимге кайрылган эмес жана эч жакка берген да эмес. ГКНБ тергөө башкармалыгы премьер министрдин Жогорку Кеңеште айткан маалыматынын негизинде кылмыш ишин козгогон.

Алмаз Атамбаев өзүнүн уулангандыгы жөнүндө Жогорку Кеңеште 22-майда маалымдаган болчу. Анын журналисттерге билдиргенине караганда, иш бөлмөсүндө суу ичкенден кийин эс-учун жоготкон. 29-майда президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемеси Атамбаевдин денесинен белгисиз уу заты табылгандыгын тастыктаган бүтүм чыгарды.
Бул маселеден кабары бар коомдук-саясий ишмерлер ага дароо көңүл бура турган мамлекеттик олуттуу маселе катары баа беришип, иликтөөнүн создугуп жатышын ар башка жоромолдоп чыгышты. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдурасулова, маселен, бул фактынын өзү хансарайда баары жайында эмес экендигинин белгиси дейт:

- Алмазбек Атамбаев муну парламентте билдирди го. Анан башкы прокуратура премьер-министрдин өмүрүнө коркунуч келүүгө байланыштуу билдирүү фактысы боюнча эле реакция кылып, ишенген кызматка тапшырыш керек эле. Таңкалычтуу болуп атат, Он төртүнөн бери канча убакыт өтүп кетти. Стаканды текшерүүгө алыш керек эле, аны алып кирген адамдарды тергөөгө тоскоолдук болбосун деп кичине изолировать эте туруш керек эле. Суракка алыныш керек эле. Анан ошону мамлекеттик чоң жаңжалга айландырбай эле, керек болсо жарандардын жүрөгүн түшүрүп, жарыя кылбастан, өздөрү чечиш керек. Демек, акүйдүн ичинде быкы-чыкы деген толтура.

«Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Атамбаевдин айланасындагы маалыматта президент тарапка көлөкө түшүрүү байкалат дейт:

- Президент тарапка шек келтирүү жагы болуп атат. Түшүнүксүз жагы көп болуп атпайбы. Ошол замат комиссия түзүп, догдурларга кайрылыш керек болчу. Эртеси күнү жарыялаш керек болчу. Эми баягүнү угуп атам, мүмкүн Куловдун адамдарырыр деген. Куловду дайыны жок эле жамандай беребизби, далили жок эле. Баягүнү мага айтат, анын ашканасында Куловдун кишиси иштеген экен дейт. Бир аял. Мага жетинчи кабаттан өткөн жумада айтып атат. Бул деген жөн эле имиш-имиш да. Бул көчөдөгү сөз.

Премьер-министрдин уулангандыгына күмөнсүнгөн айрым көз караштарда коомчулуктун назарын буруу максатындагы саясий оюн болушу мүмкүн экендиги белгиленүүдө. Мындай көз карашка ыктаган Топчубек Тургуналиев муну Атамбаев «реформачылардын» Конституциялык долбоорун өткөрө албай койгондугу менен байланыштырды. Премьердин уулангандыгына караманча ишенбегендердин бири Бириккен фронтко тилектеш саясатчы, экс-спикер Мукар Чолпонбаев:

- Мен аны бирөө ууландырганына ишенбейм. Анын азыр өмүрүнө кызыга турган эч ким жок. Оппозицияда да эч ким жок. Бийликте да эч ким жок. Анын жашоосуна кызыккан бир да киши жок.

Жогорку Кеңештин дагы бир экс-спикери Абдыганы Эркебаев уулануу ыктымалдыгын белгилеп, аны жеке душмандарынын же өлкөдө саясий тынчтыкты каалабаган карасанатай күчтөрдүн колунан келиши мүмкүн деди.

«Реформачылардын» айрымдары, тескерисинче, оппозициялык маанайдагы өкмөт башчыга кастарын тиккендер дал ошол акүйдүн өзүндө дешет. «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдыракмановдун пикиринде:

- Чырдын бардыгы президенттин монополиялык бийлигинен башталып атат. Монополияны бузайын деген аракети бар Алмазды. Аны буздурбаш керек болуп атат. Куловдун кандай иши бар, акүйдө болбосо? Ошол акүйдүн тегерегиндегилер гана кылышы мүмкүн. Команда менен кылышы мүмкүн, командасы жок кылыш мүмкүн. «Матрешканы» билесиз, ким кылды, кимге керек эле. Кошоматчылар кылышы, заказ бериши же өзү заказ бериши мүмкүн.

Президент да, президенттик администрация бул маселеге карата көз карашын айта элек. Мындай кошкөңүлдүктү «реформачыл» лидерлердин бири Темир Сариев сынга алды. Ал эми экс-депутат, «Атамекен» социалисттик партиясынын мучөсү Ташболот Балтабаев кандай болгон учурда да саясий чоң кризиске алып бара турган олуттуу саясий маселе, ошондуктан, мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүү зарылдыгы бар дейт:

- Кеп ишенген ишенбегенде эмес. Ушуга болгон мамиле мага жакпай турат. Суроолор көп. Эмне үчүн ошол эле өкмөттүн аппарат башчысы, жардамчылары, маалымат катчы билдирүү менен чыккан жок. Бул чоң саясий кризиске алып келиши мүмкүн. Кимдер мунун артында турат, эгер чын эле ошондой болгон болсо? Ким муну уюштурган?

Айрым байкоочулар чоң саясатта жүргөндөрдүн арасында ууландырылды деп, коомчулуктун назарына ушунчалык деңгээлде түшкөн жалгыз Атамбаев болгонун белгилешүүдө. Азиза Абдурасулованын айтымында:

- Факт болуп, юридикалык жактан кармалып, далиденип деген эсимде жок. Бирок, эл арасындагы, гезит бетинде чыккан окуялардан баягы Сатыбалды Жээнбеков раматылыкты эстейм. Андан кийин биз урматтаган Дооронбек Садырбаев ошол кездеги Сатыбалды Жээнбековдун жанында болгон деген маалыматтар берилген. Андан кийин жакында эле ууландырылдым, ооруканага жатып чыктым деген маалыматтар болду Дооронбек Садырбаевич тарабынан. Андан кийин мен билгенден мобу 2002-2003-жылдары Азимбек Бекназаров ууландырылды. Аябай чоң ызы-чуу салган жок. Бирок, ууландырылганын биз баарыбыз билдик. Ал Казакстанга барып алты литрлеп канын алмаштырды. Өңү да өзгөрүп, ооруганы билинип жүрдү да. Азимбек Бекназаровдун сөзүнө караганда экспертиза боюнча догдурлар өтө күчтүү уландырылгансың деп айткан. Ал айтты: ким ууландырганын билем, мен балык аркылуу уландырышты мени. Бирок, муну чоң пиар кылгым келген жок. Дарыланганга аракет кылдым деп. Ошондой окуяларды билебиз.

Анткен менен Европарламенттин жакында өткөн отурумунда премьер-министрдин ууландырылгандыгы тууралуу маалымат берилгендигин депутат Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди.
Алмаз Атамбаев болсо ууландырылгандыгы тууралуу парламентте ачык билдирүү жасоо менен чектелип, кимдин колунан ууланышы мүмкүн деген көпчүлүктү кызыкдырган суроону жоопсуз калтырууда. Атамбаевдин парламентте билдиргенине караганда, бир гана белгилүүсү, ал премьер-министрлик кызматтан эми кетпейт:

- Депутаттардын көзүнчө ачык айтайын, акыркы окуялардан кийин, керек болсо мени жок кылгылары келгенден кийин, мен эми кетпейм, акырына чейин иштейм.

Социал-демократтар партиясынын негиздөөчүсү, «Реформа үчүн!» кыймылынын мурдагы мүчөсү Алмаз Атамбаев премьер-министр болуп дайындалгандан кийинки эки ай ичинде бул кызматка байланбастыгын көп ирет кайталаганы бар.
Атамбаев оппозиция менен бийлик ортосундагы мамиле татаалдашып кеткен апрель окуяларынын алдында президенттин сунушунун негизинде премьер министрликке келген жана өзүнүн бийликке келишин бийлик менен элдин, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуу аракети менен байланыштырып, өкмөттүн кырк пайызы оппозициянын катарынан жаңыланарын билдирген. Бирок, азырынча оппозициядан Атамбаевди ээрчип бийликке бир да саясатчы келе элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG