Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

КЫРГЫЗСТАНДА ДА «ЯНКИ ГОУ ХОУМ» ЧАКЫРЫГЫ ЧЫГА БАШТАДЫ


2-майда Бишкектеги АКШнын элчилигинин алында пикет болду. Нааразылык акциясына чыккан элүүдөй киши Манас аба майданында жайгашкан НАТОнун аскердик базасын чыгаруу талабын коюшту.

Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкекте боло турган саммитинин жакындашы жана Россия менен АКШнын мамилеси начарлашы менен Американын Кыргызстандагы аскерий базасын чыгаруу талаптары күчөй баштады. Базаны чыгаруу максаты менен кыймыл түзүлүп, Россияга жакын саясий партиялар, депутаттар парламентте бул маселени талкуулоо демилгесин көтөрүп чыгышты. Ишемби күнү АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында «Кыргызстандан Американын аскердик аба күчтөрүн чыгаруу үчүн кыймылы» деп аталган уюм нааразылык акциясын өткөрдү. Алар «Америкалыктар үйүңөргө кеткиле» деген ураанды чакырышты:

«Янки кетсин!» «Янки кетсин!» «Янки кетсин!”

Нааразылык акциясына чыккандар алдында базада атып өлтүрүлгөн Александр Ивановдун жубайы Марина Иванова, базаны чыгаруу боюнча кыймылдын жетекчиси Александр Типеров, Либералдык прогрессивдик партиянын лидери Максат Кунакунов, Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидерлеринин бири Клара Ажыбекова жана башка коомдук, саясий ишмерлер сөз сүйлөштү.

Пикетчилер «Биздин жооп- базага уруксат жок!», «Америкалыктар Кыргызстанга чакырылбаган коноктор», «Ганси базасына-жок», «Кыргызстан согуш үчүн плацдарм эмес», «Иранга согушка жол жок», «Ирактан колуңду тарт”, «Бизге таза аба керек» деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Либералдык- прогрессивдик партиянын лидери Максат Кунакунов нааразылык акциясынын максаты тууралуу буларды билдирди:

-Эми чыккан максатыбыз ушул, Ганси авиабазасында Кыргызстандын атуулдарын өлтүрүп атышат. Андан башка биздин экологияны бузуп атышат. Анан база боюнча эмне болуп жатканы эч кимге билинбей жатат. Кыргызстанга кандай пайда алып келип жатат, же эч нерсе алып келген жокпу? Биз зыяндан башка эч нерсени көргөн жокпуз.

Коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова америкалыктар кетирүү талабынын себептери тууралуу буларды атады:

-Мына ушундай берекелүү Чүй аймагына керосин төгүп жатышат. Элдерибизди атып жатышат. Ошон үчүн булар кетиш керек. Кээ бирөөлөр Канттагы орус базасы да кетсин деп жатышат. Кечиресиңер, бүгүнкү күндө миллион кыргыз Россияда иштеп, жанын багып жатат.

Кыргызстандагы бир катар саясатчылар база маселесинде өтө аярлык керектигин белгилөөдө.Мына ушундай пикирин Акшумкар партиясынын лидери Кубатбек Байболов билдирген. Ал эми саясат таануучу Зайнидин Курманов Америка сыяктуу мамлекет менен түз мамиледе болуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келерин, ал эми Манасты берүү менен Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөшкө салым кошуп жатканын белгиледи:

-Биз авиабазаны берип, ошону менен эл аралык террорчулукка каршы күрөшкө өзүбүздүн салымыбызды кошуп жатабыз. Муну биз эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Ал эми базаны чыгарууну талап кылгандар эми өз акцияларын Манас аба майданында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өткөрүшөөрүн белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG