Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

РОБЕРТ ГЕЙТС: ООГАНСТАНДА ТЕРРОРЧУЛАР КҮЧ АЛА БАШТАШТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага АКШнын коргоо миинстри Роберт Гейтс Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерине арналган эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Азия өлкөлөрүн экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөштө активдүү аракеттенүүгө чакырды. Ошону менен бирге эле ал өзөктүк курал өндүрүүгө карай бараткан Иран сыяктуу өлкөлөргө каршы катуу чара көрүүгө үндөдү.

Сингапур шаарында өтүп жаткан конференцияда бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Американын коргоо министри Азия өлкөлөрүнүн жетекчилигин Ооганстандагы терроризимге жана жакырчылыкка каршы күрөшүүгө көбүрөөк салым кошуп, бул өлкөнүн баш-аламандыктын очогуна кайрадан айлануусуна жол бербөөгө үндөдү.

- Мен Ооганстанга башкаруу, өлкөнүн чарбасын калыбына келтирүү жана наркобизнеске каршы күрөштө көмөк көрсөтүүгө чакырам. Ооганстан жана анын жакында эле эгемендикке чыккан кошуна өлкөлөрү бакубат, туруктуу жана суверендүү өлкө болуу жолунда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат,- деди Гейтс.

Ал терроризмге каршы күрөш жалгыз бир өлкөнүн колунан, ал бай өлкө болгон күнү да келбей турганын белгиледи.

АКШлык миинстрдин айтымында, 2001- жылга чейин Ооганстан Аль-Каида террорчулук уюмунун уюугу болуп, эл аралык антитеррористтик коалициянын аракети менен террорчулулардын мизи кайтырлган. Бирок, акыркы убакта террорчулар өзүлөрү тарапка жаңы тарапкерлерди тартып, кайрадан күч ала башташты.

Муну Гейтс терроризмге негиз болуп жаткан себептерди, атап айтканда жакырдыкты жана деспотизмди жоюу үчүн жетиштүү чара көрүлбөй жатканы менен чечмеледи. Гейтс Азия өлөкөлөрүн жалпы эле исламдык экстремизмге каршы чечкиндүүрөөк чара көрүүгө үндөдү.

Ошону менен бирге эле Америкалык миинстрдин айтымында, экстремизм менен терроризмдин тамыры жалаң эле социалдык маселелерде эмес. Террорчулардын арасында билим -илимдүү жогорку квалификациядагы адис адамдар жоюулуп калбайт, деп айта албасын баса көрсөттү ал.

Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук жана коргоо тармагынын башчыларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Гейтс ошондой эле дүйнө коопсуздугуна ядролук куралга ээ болууну көздөп жатышкан Иран менен Түндүк Корея бир топ коркунуч жаратып жатканын, аларга каршы катаң чара көрүү керектигин белгилеп өттү.

XS
SM
MD
LG