Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

ТЕРРОРЧУЛАРДЫН ПЛАНЫ ИШКЕ АШПАЙ КАЛДЫБЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага АКШнын Нью-Йорктогу «Джон Кеннеди» аэропортун жардырууга камылга көргөн деген айып менен үч киши камакка алынды. Айып коюлган төртүнчү киши азырынча камакка алына элек. Эгерде сот аларды айыптуу деп тапса, алар өмүр акырына чейин түрмөгө кесилиши ыктымал.

«Джон Кеннеди» аэропортун жардырганга камылга көргөн деп камалгандардын бирөө аэропорттун жүк ташуу бөлүмүнүн мурдагы жумушчусу Руссель Дефрейтас, теги Гаяналык америкалык жаран, экинчиси Гаяналык жаран Абдул Кадыр, үчүнчүсү Тринидаддын жараны Карим Ибрагим. Төртүнчүсү Абдель Нур азырынча кармала элек. Абдель Нур менен Карим Ибрагимдин Тринидадда иштеп жаткан радикал исламчыл «Жамаат ал-Муслиммен» тобунун мүчөлөрү экени маалымдалат.

Федералдык тергөө кызматынын айтымында, кармалгандар Американын эң ири аэропортторунун бири Джон Кеннеди аэропортунун учактарын күйүүчү май менен камсыз кылган системасын жардырууга ниеттенген. Жылына 45 миллиондой жүргүнчүнү тейлеген аэропорттон күнүнө кеминде бир миң учак дүйнөнүн чар-тарабына сапар алат. Аларды күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн аэропортко тынымсыз май өткөрүп турган куурлар желеси тартылган. Аларды жардыруу бир эле аэропортту жабыркатпастан, куурлар желеси тартылып келген шаар-кыштактарды жана Нью-Йорк шаарын да жабыркатмак.

Нью-Йорк Таймс гезити бута катары Кеннеди аэропорту тандалып алынганы бекеринен эмес, деп божомолдойт. Аэропорт ири аба бекети гана эмес, Американын символдорунун бири деп эсептелет. Эл урматтаган маркум президенттин атынан коюулган аба бекетинин жардырылышы, Америкалыктарга ири моралдык сокку болмок, деп жазат, гезит тергөө органдарынын сөзүн келтирип.

- Бул объектти террорчулар өтө маанилүү тутканын Руссель Дефрейтастын айткандарынан эле баамдаса болот. Ал: "Кеннедиге сокку уруу АКШнын талылуу жерине тийет. Америкалыктардын сүйүктүү Кеннедисине урулган сокку бүткүл өлкөнүн башына караңгы түн түшүрүп, кишилерди эки жолу өлтүргөнгө барабар болот"- деп айткан ,- дейт америкалык прокурор Рослин Маускопф айым, тергөө материалдарына шилтеме берип.

Бирок, эксперттер күйүүчү май сакталган кампаларды жардыруу оңой иш эмес экенин белгилеп, анын террорчулардын колунан келээри күмөн дешет. Анткени, май сакталган кампалар күн-түн дебей кайтарылат. Аларга жардыргыч коюу колдон келген күнү да, жардыруудан чыккан өрттү токтотуп калуу мүмкүн болмок. Анын үстүнө кампаларга май өткөрө турган түтүктөр желеси чукул кырдаалда автоматтык түрдө жабылып, май өткөрүү ошол замат токтойт. Ошондуктанн террорчулардын пландары ишке ашмак эмес, дешет эксперттер.

XS
SM
MD
LG