Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

ФЕЛИКС КУЛОВ ОРУСИЯ МЕНЕН БИРИГҮҮНҮ ЖАКТАДЫ. БАШКАЛАРЧЫ?


Оппозициялык «Бириккен фронт» Россия менен конфедерацияга баруу демилгесин көтөрүп чыкты. Фронт уюштурган 2-июндагы жыйында мына ушундай чечим кабыл алынып, бул демилгени турмушка ашыруу үчүн 300 миң атуулдун колун топтоо иши башталары жарыяланды. Фронттун лидери Феликс Куловдун бул демилгесинин сыры эмнеде?

Быйылкы жылдын алгачкы айларында уюшулган экс-премьер-министр Феликс Кулов жетектеген «Бириккен оппозициялык фронт» 11-апрелден баштап, президентти кызматтан кетирүү талабы менен мөөнөтсүз митинг жарыялаган. Бирок, ал максат ишке ашпай калды. Митингден кийин фронтчулар Байтик айылында жыйын өткөрүп, анда Алмаз Атамбаевдин өкмөтүн кызматтан кетирүү, саясий куугунтуктоолорду токтотуу талаптарын койгон. Июнь айынын экисинде экинчи жыйын өткөрүлүп, Россия менен конфедерацияга баруу демилгеси көтөрүлдү. Ал үчүн 300 миң атуулдун колун топтоо күзгө чейин жүрөрү да жарыяланды. Өлкөнүн эгемендүүлүгүн жоготууга багыт алган бул аракет саясатчылар арасында, расмий бийлик өкүлдөрү тарабынан кандай кабыл алынууда? Айрым талдоочулар, бул саясий жактан ийгиликке жетпей калган саясатчынын, биринчиден, Кыргызстандагы орус тилдүү калктын бүйүрүн кызытып, өзүнө тартуу далалаты, экинчиден, Москвага өзүн эң жакын адам катары көрсөтүп, ошол жактан колдоо табуунун айласы катары баалоодо.

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын лидери Азимбек Бекназаров, Россия менен конфедерацияга баруу демилгесин айыптап, буларга токтолду:

- Биз Америка менен, Россия менен тең ата саясат жүргүзө турган мамлекетти сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Анан өзүнүн көз карашы жок, эптеп эле бирөөнүн нанын жеген, ырын ырдаган тентекбай саясатчылардын (башка мамлекет менен конфедерацияга баруу) сөзү да бул. Парламентте да ошондой сөздөр чыгып калат. Мындай сөздөр өз алдынча адаммын деген позициясы жоктордун оозунан чыгат. Kонфедерация идеясы Кыргызстанда эле эмес, Россияда да колдоо таппайт.

Феликс Куловдун пикирлештеринин бири Өмүрбек Суваналиев конфедерация демилгесин колдойсузбу деген суроого минтип жооп берди:

- Жок… Мен чындыгын билбегенден кийин… Мен өзүмдүн соттук иштерим менен жүрөм.

Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн, ал үчүн «Ашар» кыймылын түзгөн саясатчы Жыпар Жекшеев конфедерация демилгесине карата мындай пикирин айтты:

- Мына ушундай демилгеси менен Кулов өзүнүн саясий карьерасына чоң залака келтирип алды. Эгемендүүлүктү эңсеп жүрүп, кандай кыйынчылыктар менен эгемендүү Кыргызстанды түзгөнбүз. Эми ошол убакта Россия менен конфедерация түзөбүз деген Куловдун аракети чөгүп бараткан баланын кичинекей чөпкө жармашканына окшоп калды. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, келечегин эч качан эч кимге бербейбиз.

Юстиция министри Марат Кайыпов башка мамлекетке кошулуу демилгесин эгемендүүлүккө келтирилип жаткан коркунуч катары баалап, Куловдун аракетин аргасыздык деп атады:

- Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаруу. Аргасыздык, айласыздык. Мындай
аракет өзүнө жараша юридикалык баасын алыш керек
.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG