Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

АКШ ОРУСИЯ МЕНЕН АЧЫК АРАЗДАШКЫСЫ КЕЛБЕЙТ


31-май күнү Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда чыгып сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бул ирет Москванын дарегине бир да сөз айткан жок. Андан бир жума мурдараак ушул эле уюмга кайрылган сөзүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттарды Европанын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө деп катуу сынга алган. Эксперттер Вашингтон Москва менен татаалдашып бараткан диалогду ого бетер курчутпай, араздашуудан алыс болгонду эп көргөнүн айтышууда.

Орусиянын дарегине кайрылбаганы менен, Кондолиза Райстын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мааниси жана ролу тууралуу айткандары Москванын көздөгөнүнө каршы чыкты. Ушул айдын башында Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ЕККУну реформалап, иштөө багытын өзгөртүүнү сунуш кылышкан. 50 жылдан ашуун тарыхы бар орток уюмду постсоветтик жумурияттар кай багытка бурууну каалап жатканы ачык айтылган жок, бирок алар көптөн бери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого көз салуу, демократия, адам укуктарын алдыга коюуну азайтып, экономика менен экология, ошондой эле аскердик маселелерди колго алса туура болмок деп кайталап келатышат. Алар анткен менен, АКШнын мамлекеттик катчысы Венадагы сөзүндө уюмдун башкы мааниси – демократияны жайылтууда экенин дагы бир ирет белгиледи.

- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тууралуу сөз болгондо, биринчи кезекте анын адам укуктары менен демократияны баарынан жогору койгон принциби ойго келет. Кошмо Штаттар үчүн баарыдан маанилүүсү – бир адам дүйнөдө демократия орното албайт, бирок бир киши эзүүчү коомду түзүп алышы мүмкүн. Сиздер бардык кишилерге демократиялык шарттарда жашоо укугун жайылтып жатасыздар.

Кондолиза Райстын Венадагы сапары Орусия менен АКШнын ортосунда Вашингтондун аскердик жаңы пландары туурасында талаш кызып бараткан чакка туш келди. 28-май күнү Москвалык башкы дипломат Сергей Лавров, Орусия Европадагы куралдуу күчтөр тууралуу келишимдин так аткарылышын талкуулай турган чукул эл аралык жыйын чакырууну сунуш кылып жатканын айткан. Москванын пикиринде, эл аралык келишимдин бузулушуна НАТОнун кеңейүү аракеттери, ошондой эле АКШнын Чехия менен Польшада абадан коргонуу системаларын орнотуу пландары негиз болуп бере алат. Орусия маселени создуктуруп отурбай, келишимге мүчө бардык өлкөлөрдүн катышуусунда ушул айдын ортосунда Венада талкуулоону сунуш кылды.

Ага чейин эле АКШ менен Орусиянын президенттери алдыңкы 8 өлкөнүн саммитинде Германияда сүйлөшүү өткөрмөкчү. Жорж Буш июль айында Владимир Путинди Америкага барып, дагы бир жолу шашпай баарлашып кетүүгө чакырды. Жакын араларда Кондолиза Райс менен АКШнын коргоо министри Роберт Гэйтс да Орусиялык жетекчилер менен жолугушуулар өткөрүүнү пландаштырууда. Мындай аракеттерден улам байкоочулар Вашингтон маселени ырбатпай, дипломатиялык сабырдуулук аркылуу жөнгө салууну көздөп жатканын боолгошот.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG