Бишкек шаардык мэриянын 28-марттагы “”Ош базары” соода-сатык комплексин ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө” токтомуна ылайык, базардын жашылчалар сатылган, Кулиев, Киев, Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрү менен кесилишкен бөлүгүн тартипке келтирип, тазалоо каралып жатат. Ага ылайык, базардын өтө беришиндеги ирээтсиз соода орундарды жылдырылат, базар ичиндеги жолдорго асфальт төшөлөт жана имараттар сырдалып-акталат. Бул иш-чараларды Ленин райондук акимчилигинин, Бишкек башкы архитектуранын, Санэпидкөзөмөлдүн, өрт өчүрүү кызматынын жана башка мекемелердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ көзмөлдөмөкчү. Ош базардын башкы деректиринин орун басары Токтогул Абдувалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, азыр мэрияда жыйын болот. Анда базар кайсы күндөрү жабылат, оңдоп-түзөө иштери кандай жүрөөрү такталмакчы. (EBM)