Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

АКҮЙ ЦЕМЕНТ МЕНЕН ШЫЙПЫРДЫН БААСЫН ЖӨНГӨ САЛА АЛБАЙ КЕЛАТАТ


Акыркы эки айдын ичинде баасы эки эсе көтөрүлүп, айрым аймактарда таңсык болуп жаткан цемент маселеси бүгүн парламентте да көтөрүлдү. Депутаттар бул көйгөйдү тез арада чечүүнү премьер-министр Алмазбек Атамбаевден талап кылышты. Өкмөт башчы өз кезегинде шаршемби күнү курулуш материалдарын чыгаруучу завод жетекчилеринин катышуусу менен өкмөттүк жыйын болорун билдирди.

Цемент жана шыйпыр чыгаруу боюнча Кыргызстанда Кант цемент-шыйпыр комбинаты монополист ишкана болуп эсептелет. Комбинат жыл сайын 1 млн. 200 миң тонна цемент, 180 млн. даана шыйпыр чыгарат. Адистердин айтуусунда мындай өлчөмдөгү курулуш материалдары жылына 450 миң тонна цемент керектеген Кыргызстанды бир нече жолу камсыздоого жетмек. Бирок, бүгүнкү күндө Кант цемент –шыйпыр комбинатынын чыгарган продукциясынын басымдуу бөлүгү сыртка ташылып жаткандыктан, өзүбүздө бул курулуш материалдарынын таңсыктыгы жана баасынын кымбаттоосу пайда болууда.

“Азаттык” радиосунан байма-бай козголуп келе жаткан курулуш материалдарынын баасы тууралуу маселеге бүгүн парламенттин айрым мүчөлөрү да токтолуп, цемент маселесин тез арада жөнгө салууну өкмөт башчыдан талап кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев кыргыз өкмөтүнө монополист ишканаларга квота коюуну сунуш кылды:

- Бүткүл дүйнөлүк соода уюму бир айдан үч айга чейин өзүбүздө өндүрүлгөн продукцияны сыртка чыгарбоого бөгөт коюуга уруксат берет. Ошондуктан, мына азыр курулуш сезону башталды, цемент менен шыйпырды Казакстанга, Орусияга чыгарууга бөгөт коелу. Ошондо сыртка чыгып жаткан материалдар ички рынокко кетип, бааны жөнгө салууга мүмкүнчүлүк болот эле.

Документ боюнча Кант цемент-шыйпыр комбинатынын чыгарган продукциясынын 50 %ы экспортко кетет. Бирок, эл өкүлдөрү иш жүзүндө мындан бир жарым –эки эсе көп кетет деп эсептешет.

Цемент менен шыйпырдын ички рыноктогу үлүшүн бүтүндөй сактап калуу максатында бул материалдарды автоунаа менен сыртка чыгарбоо тууралуу кыргыз өкмөтү 2006-жылдын 13-июлунда атайын токтом кабыл алган. Бирок бул токтом бүгүнкү күндө иштебей турат. Депутат Азимбек Бекназаров өкмөт токтомуна баш ийбеген Кант цемент–шыйпыр заводун кайра мамлекетке алып коюуга мезгил жетти деп эсептейт:

- КЦШКны жөн эле тартып алууга болот. 18 млн. доллардан 18 тыйын да келген жок ушул убакытка чейин. Инвестициялык милдеттенмени аткарбаган соң токтомду кайра артка алып, инвестиция келбегендигине байланыштуу кайра алып коюуга болот. Мунун эч кандай баш оорутмасы жок, минткенде автоматтык түрдө комбинат кайра мамлекеттики болуп калат.

Курулуш материалдарынын баасын жөнгө салуу максатында жыл башында атайын депутаттык комиссия түзүлүп, Кант цемент–шыйпыр комбинатынын чыгарган продукцияларынын баасы жана башка маселелер боюнча изилдеп чыккан. Комиссия жетекчиси Иса Өмүркуловдун айтуусунда комиссиянын иши боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом өкмөттүн көңүлүнөн тыш калган.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ушул мачеле боюнча шаршемби күнү өкмөттүк жыйын болорун билдирди. Анда Кант цемент–шыйпыр комбинатына ээлик кылган ишканалардын жетекчиси өзү катышат:

- Цемент-шыйпыр боюнча маселени коюп атабыз. Канттагы комбинаттын жетекчиси келбей койгон соң, эң жогорку кожоюнун, холдингдин ээсин чакырганбыз. Албетте, бир чечим кабыл алабыз, керек болсо экспорттук төлөм киргизебиз. Бирок, аны Жогорку Кеңештин токтому менен бекитүү керек болот.

Адистердин айтуусунда, Кант цемент–шыйпыр комбинатынын 67,6 % акциясы 2006-жылы Казакстандык “Азия цемент” ишканасына тиешелүү болгон. Бирок, жыл аягында акция жаңы кожоюндарга 1,2 млрд. сомго сатылган. Маалыматтар боюнча учурда Кант цемент-шыйпыр комбинатына бир нече ишканалар: “Химфарм”, VISOR, “Каспийские ресурсы” аттуу ири компаниялар менен кошо Казакстандык менеджердер командасы ээлик кылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG