Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

ЧЕХИЯДА АМЕРИКАЛЫК РАДАР БОЮНЧА ЖЕРГИЛИКТҮҮ РЕФЕРЕНДУМДАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ


Кошмо Штаттардын Чехияда радарын жайгаштыруу планына байланыштуу бул жерде жергиликтүү референдумдар да өтүп жатат. Буга чейин мына ушундай референдумдар болгон 5 кыштактын жашоочуларынын 95 %ы америкалык радардын турушуна каршылыгын билдиршти. Анткен менен жергиликтүү референдумдардын жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ эмес. Бул окуялар АКШ президентинин Чехияда 4-июнда башталып жаткан иш сапары алдында орун алууда.

Чехияда жергиликтүү референдумдарды АКШнын радардык базасы жайгаштырылуучу аймакка жакын турган кыштактар менен шаарчалар өткөрүп жатат. Алардын бири, башкалаа Прагадан 70 чакырымдай аралыкта турган Рожмитал под Тржемишнем шаарчасы. Бул жерде референдум 9-июнга белгиленген. Йозеф Вондрашек мына ушул шаарчанын мэри. Анын айтымында, элди ириде экология маселеси, чет элдик аскерлердин турушу тынчыздандырып жатат:

- Биз өкмөткө радардын орнотулуш ыктымалдуулугуна байланыштуу адамдар камтама болуп жатканын же камтама эмес экенин билдиргибиз келет. Эң башкысы башка шаарлар да бул ишти жолдойт деген ишеничтебиз. Азыркыга чейин аймактан 5-10 чакырым аралыкта жайгашкан кыштактар гана тынчызданганы айтылып келди. Бирок, мен өзүм Чешска Будойовицеде жашасам да каршы болмокмун.

Йозеф Вондрашек мырза сөзүндө белгилеген Чешске Будойевице Кошмо Штаттар радарын орнотууну белгилеп жаткан аймактан 100 чакырым аралыкта орун алган.

Ушул жекшембиде жергиликтүү референдум үч кыштакта өттү. Алардын бири Вешин кыштагынын тургундарынын бири мындай дейт:

- Токойго кирүү жагы кандай болот. Биз токойдо сейилдөөнү жакшы көрөбүз. Алар эмнени ойлоп жатканын биз билбейбиз да. Балким алар 3 метрлик коргон куруп салар, бул жерде аскерлер болор жана биз эч жакка бара албай калаттырбыз. Бизди эмне күтүп турганын билбейбиз.

Ушул эле кыштактын экинчи бир тургуну "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде коопсуздук жагынан тынчызданып турганын айтат:

- Мен үчүн эң коркунучтуу нерсе - бул радар кандайдыр бир чабуулда бутага эң биринчи алынарында. Эгер кимдир бирөө бизге кол салгысы келсе, талкалоо үчүн оболу радар сыяктуу жабдууларга сокку урат.

Айтор коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Чехияда калктын бештен үч бөлүгү же 60 %ы америкалык радардын орнотулушуна каршы экенин көргөзүүдө. Мындан да көп сандагылар маселе жалпы улуттук референдумга коюлушун жактайт.

Жергиликтүү референдумдар болсо мыйзамдык күчкө ээ эмес.

Ал эми чех бийлигинин өкүлдөрү радарга каршылардын саны бара-бара азаярына ишеним билдирип жатышат. Алардын пикиринде эл тиешелүү суроорлордун көбүнө азыркыга чейин эле жооп алды. Маселен, өлкөдө радарды тейлөөчү америкалык аскерий адистердин саны 150дей эле болот. Европанын башка өлкөлөрүндө болсо АКШнын мындан алда канча чоң базалары бар. Радар зыяндуу нур бөлүп чыгарат деген да кооптонуулар айтылган. Бирок, расмий өкүлдөрдүн ырастоосунда, радар көп учурда өчүрүлүп турат. Ал эми иштеген кезде андан чыккан жылуулукту түздөн–түз жанында жүргөн адамдар гана сезишет.

Чех премьер-министринин орун басары Александр Вондранын айтымында, азыр өлкө үчүн Европа менен Антлантиканын ары жагындагы өнөктөштөрдүн коопсуздугуна салым кошуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк жаралып олтурат:

- Чехтер, салт болуп калгандай, скептик келишет. Бул күндүн алдынан эмеле чыга калган нерсе эмес. 1990-жылдары НАТОго кирүү же кирбөө жөнүндөгү талкуулар учурунда жылуу колдоо болгону эсимде. Биз түшүндүрө алгандан кийин калк колдой баштаган. Демек, мен биз бул жерде да өзгөртө алабыз деген ишеничтемин.

Ал эми чех өкмөт башчысы Мирек Топаланек Жорж Буштун сапарын утурлай жасаган билдирүүлөрүнүн биринде радар маселеси боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр эгер АКШ долбоорду каржылабаса, радар айлана-чөйрөгө жана адамдын ден-соолуга олуттуу зыян алып келери далилденсе жана ал НАТОнун коргонуу системасынын алкагына киргизилбесе токтотуларын айтты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG