Тышкы иштер министри менен болгон жолугушууда Президенттин Түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев, Өзбекстан менен болгон визасыз режим боюнча макулдашуунун шарттары аткарылбай, коңшулаш өлкөнүн чегара кызматы Кыргызстандын жарандарынын атуулдук күбөлүгүн тааныбай жаткандыгын билдирип, анын себептери али күнгө чейин белгисиз болуп жаткандыгына токтолду:
- Паспорттук режим боюнча проблема чечилбей атат. Экс-президент макулдашылган келишимдер аягына чейин иштебей атат. Өзбекстан биздин “айди” картаны тааныбай жатат. Башка мамлекеттер айди картты кадимкидей эле кабыл алып атат.
Тышкы иштер министри Эднан Карабаев болсо өлкөнүн түштүк аймагындагы чегара тилкелеринде болгон иш сапарынан кийин, Ошто ички иштер, улуттук коопсуздук органдарынын жана миграция кызматынын жетекчилери менен жабык эшик артында жолугушуп, чегара коопсуздугуна байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө иштер боюнча элчиси Эрик Асаналиев чегара маселелери татаалдашып жаткандыгына байланыштуу министр абал менен жеринен таанышып кайткандыгын белгиледи:
- Министрдин бул жакка келгенинин негизги максаты – чегара маселелери кандай чечилип атат, ошолор менен таанышуу, анклав маселелериндеги абалды көрүү, ошондой эле чегарадан ары-бери өтүп аткан биздин мигранттардын ал-акыбалы менен таанышуу. Көпчүлүгүнүн паспорту айдикарта, ага тыш керек, ошол маселелерди жеринен келип таанышып, бир сыйра көрүп кетүү болчу.
Кеңешменин аягында Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев болсо коңшулаш Өзбекстандын үч облусунун губернаторлору менен жолугушуу уюштуруп, чегара маселелерин жергиликтүү деңгээлде жөнгө салууга аракеттенип жаткандыгын кошумчалады:
- Акыры биздин коңшу губернаторлор макулдугун берди. Программаны түзүп атабыз. Ушул айдын аягында Ошто бир күндүк жолугушуу уюштура турган болдук, - деген оюн билдирди Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.