Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

ТҮРКИЯ АСКЕРЛЕРИНИН ОРУН КОТОРУУСУ ТЫНЧСЫЗДАНУУ ЖАРАТУУДА


АКШ жана Ирак жетекчилери Ирактын чек арасына жакын аймактардагы түрк аскерлеринин кыймыл-аракеттерине тынчсыздануу билдиришүүдө. Ушул тапта Түркияда Күрдистан Жумушчу партиясы - ПККнын Ирактын түндүгүндөгү базаларына сокку уруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жаткан мезгилде болгон түрк аскерлеринин орун которуулары тынчсыздануу жаратууда.

Түркиянын Ирак менен чек арасындагы чыңалуу кайрадан өсө баштады. Түндүк Ирактагы автономдуу Күрт аймагынын жетекчиси Масуд Барзани ушул дүйшөмбүдө түрк аскерлери жекшембиде Ирактын чек ара аймагын аткылады деп ырастады. Бул маалыматты тастыктоо мүмкүн болбоду. Бирок, акыркы апталарда Түркияда ПКК күчтөрүнө каршы аскер жиберүү маселеси талкууланып келүүдө. 2003-жылы Кошмо Штаттары Иракка басып киргенден бери, түрк аскерлери Түндүк Иракты көп аткылабай калган.
Апта соңундагы аткылоо тууралуу кабардын алдында Ирактын жана АКШнын жетекчилери Ирак чек арасындагы түрк аскерлеринин кыймыл-аракеттерине тынчсыздануу билдиришкен эле.

Ишембиде Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики Анкараны Ирактын аймагына басып кирбөөгө чакырган:

– Ирактын федералдык өкмөтү Ирактын коңшу өлкөлөргө залал келтирүүчү аймак катары колдонулушуна каршы. Экинчиден, Ирактын аймагы урматталышы керек, ошондуктан биз анын согуштук операциялардын аймагына айланышына жол бере албайбыз. Биз коңшуларыбызга залал келтирүүнү каалабагандай эле, алардын Ирактын жерлерине кийлигишүүсүн каалабайбыз,- деп айтты ал-Малики Ирактын түндүгүндөгү Күрд автономиясынын бай тактысы Ирбилде болгондо.

Учурда Азияда жүргөн АКШнын коргонуу катчысы Роберт Гейтс жекшембиде Түркияны "бир тараптуу согуштук чара көрүүдөн" сак болууга чакырган эле. Түркия да, АКШ да НАТОго мүчө.

Анын аралыгында баяндамачылар азыркы кырдаал согуштук тирешүүгө алып келет деп эсептебей тургандыктарын айтышууда. Алардын бири Мухаммад Нуреддин - Түркия боюнча бейруттук адис:

– Менимче Түркиянын аскер жетекчилигинин коркутуулары жана тирешүүнү күч алдыруу аракеттери бир гана максатты, Анкаранын өкмөтүнө жана бийликтеги АК партиясына кысымды күч алдырууну, өкмөттү саясатта алсыз жана колдоосуз калгандай көрсөтүүнү максат кылат. Иш жүзүндө Түркиянын өкмөтү Иракка кол салууну каалабайт, буга маакулдук да берген эмес. Ошондуктан Түндүк Иракка куралдуу кол салуу болот деп ойлобойм,-дейт баяндамачы.

Түркияда жалпы шайлоо 22-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG