«Кансыз согуш» аяктагандан бери Маскөө бир да жолу ракетасы менен тап берип, Европаны коркута элек эле дешет. Орусиялык лидердин айткан жообунда Европага карай мээлене турган куралдар: баллистикалык, канаттуу ракеталар же буга дейре колодонула элек, бирок «натыйжалуу» курал болот. «Европада курал чыгаруунун жаңы айлампасынын жетилип бышып калышына демилгечи болгондор башкалар, ошол себептүү биз бул иште жоопкерчиликтүү эмеспиз» – деген ал жерде Владимир Путин. Андан аркы кебинде: «Европада ракеталык чабуулдан коргонуу системасы жайгаштырыла турган болсо, анда бизде ага жооп болоор кадам жасалат. Биз өз коопсуздугубузду камсыз кылышыбыз керек» - деген.
Анализчилер чөйрөсү болсо бул жерде Путин советтик кездеги «туш-туштан душман курчап турганда, жетекчилик тегерегине топтолуу» адаты менен иш алып баруу болуп атат дешет. Тышынан батышты коркутуу болуп атканы менен чындыгында ичтеги оппозициянын мизин кайтаруу да болуп атат дешет. Болбосо Польша менен Чехия жерине АКШнын ракеталык чабуулдан коргонуу системасын курушуна Маскөөдөй эле ядролук куралы бар Париж деле каршы чыкмак дешет. Орусиялык анализчи Дмитрий Орешкиндин баамы ушундай:
- Эмне дегенде ядролук тирешүүдөн эч кандай пайда жок экенин Франция сыяктуу Америка да жакшы түшүнөт. Ал эми бизде, Орусияда азырынча аны түшүнө бербейбиз, эмне дегенде, канткен менен биз советтик кезде туулганбыз.
Согуштук эксперт Павел Фельгенгауэр «Новая газета» аркалуу жасаган талдоосунда жаңы эле сыноодон өттү деп мактап аткан орусиялык ракеталардын жаңы мууну «Искандер-М» деле америкалыктарды коркутуп-үркүтүп ийбейт.
- Огунун мээлеген бутага түз тийиши чындыгында мыкты, бирок «Искандерге» кеткен чыгым америкалык, бута канчалык жашырын жерде болбосун аны өзү таап барып тийүүчү, болгону 19 миң доллар чыгым кете турган JDAM учактык бомбасына салыштыра келгенде жүз эсе кымбат. Буга кошумча АКШнын учактарына абада баратканда май куйдуруу системасынын өнүккөндүгүн эске алганда JDAM учактык бомбанын тийүү ыраактыгы – бүткүл жер жүзү дешке болот,- деп жазат.