Жай айынын бу күндөрү кыргыздар Үлүш майрамын өткөрүшкөн. Бу маалда эл жайлоого толук жайланышып, кымыз бышылып күүсүнө келип, мал жетилип жан сергип, көңүл өскөн маалда кыргыздар жайлоонун жайкы майрамы Үлүштү белгилешкен. Көк шиберге дасторкон жайылып, үстүнө дүр-дүнүйө тамак коюлуп, тамтуң баскан баладан баштап абышка, кемпирге чейин жасанып майрамдык шаң орногон. Мындан улам эл арасында:
Үлүш берем, той берем,
Тамашаны чоң берем,
Үлүш болот жайында,
Кой, жылкылар айылда,- деп айтылат.
Шабдан баатыр 1905-жылдын бу күнү Жетисуудагы кыргыз жана казактардын атынан министрлер Комитетине Петиция менен кайрылган. Анда кыргыз менен казактардын дин иштери, билим алуу жана жер менчигине байланышкан маселелер 11 пункт боюнча белгиленип, аларды оң чечүү маселеси падышалык бийликке билдирилген.
Жетисуу областындагы Пржевальск, Пишпек, Верный, Копал, Жаркент уездинин кыргыз жана казак калктарынын өкүлдөрү 1905-жылдын бу күнү, алардын дин, билим берүү, жер маселесине байланышкан арзуу, тилектерин Петербургдагы падышага жана мамлекеттик бийликке Шабдан Жантаевдин жеткирүүсүн күбөлөндүргөн арызга кол коюшту. Алардын арызында эгер, Шабдан баатыр Петербургга өзү баралбаса анда Ички иштер министрдигинде өтчү Элдик курултайга депутаттарды жана башка бир ишенимдүү адамды жиберүү чечимин жеке көз карашына ылайык тандап алышын ишеничи артылган.
V Пишпек уездинин шаардык партия курултайы 1922-жылдын бу күнү ишин баштады. Курултайда жаңы түзүлүштү куруудагы партиялык уюмдун милдети жана коммунисттик идеалдарга каршы жат көрүнүштөрдү жою сыяктуу маселелер каралган.
Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын I съезди 1937-жылдын бу күнү ишин баштады. Анда Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы М. К. Аммосов доклад жасап, мамлекеттик аппаратты түпкүлүктүү калк өкүлдөрүнүн эсебинен толуктап, бийлик элдин негизги катмары сүйлөгөн тилде сүйлөшү керек жана республика жакынкы аралыкта агрардык өлкөдөн, индустриалдык-агрардык мамлекетке айланыштын стратегиялык багытын мерчемдеген.
Бу күнү дүйнөлүк коомчулук айлана чөйрөнү коргоо күнүн белгилешет.
Бу күнү, 1221-жылы орус князы Александр Невский, 1883-жылы айтылуу англис экономисти Джон Кейнс, 1910-жылы кыргыз жазуучусу, котормочу Мамасалы Абдукаримов жарык дүйнөгө келген.