Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

ЖОРЖ БУШ ПРАГАГА КЕЛЕТ


АКШ президенти Жорж Буш бүгүн кечке жуук Прагага келип түшөт. Эртең баштала турган сүйлөшүүлөр учурунда ал америкалыктардын ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планын колдоого чех чиновниктерин ынандырганга аракет кылмакчы. Чех өкмөтү бул планды жактайт, бирок коомчулукта жана парламентте күдүктөнгөн маанай күчтүү.

Вашингтондун бул планы Россиянын гана каршылыгын пайда кылбастан, АКШнын айрым союздаштарын да күдүктөнүп жатат. Буштун визити алдында Чехияда америкалыктардын радары жайгаштырылат деп жаткан беш элеткалаада калк референдум өткөрүп, буга каршылыгын билдиришти. Жергиликтүү референдумдун милдеттүү күчү жок, бирок ал чехтер арасында бул планга каршы маанай күчтүү экенин көрсөттү.
Коомдук пикирдин соңку сурамжыларында калктын 60 проценттен ашыгы америкалыктардын сунушун колдобой турганы аныкталды.

Эки күндүк визити учурунда Буш чехтердин мындай маанайын өзгөрткөнгө үмүт кылууда. Эртең ал президент Вацлав Клаус, премьер-министр Мирек Тополанек жана оппозициянын лидери Иржи Парубек менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Прага өкмөтү дегинкисинде Вашингтондун планына каршы эмес жана бу маселени парламентке салып чечүүнү каалайт. Премьердин башкаруучу коалициясы азыр 200 орундуу парламенттин тең жарымын гана контролдойт, өз чечимин өткөрүү үчүн оппозициялык лагерден ага бери дегенде бир партиянын колдоосу керек болот. Оппозиция болсо маселени жалпы элдик референдумга чыгарылышын эп көрөт.

Жекшемби күнү чех премьери жагдайды кыйчалыштырган дагы бир маселе бар экенин эске салды. Атап айтканда, Вашингтондо конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар бул долбоорго керектүү 310 миллион доллар каражатты бир кыйла кыскартмакчы болуп жатышат.

Бул пландын Чехиядагы оппоненттери болсо америкалыктардын радар системасы жергиликтүү калктын саламаттыгына, өлкөнүн коопсуздугуна, айлана-чөйрөгө салакасын тийгизет дешет. Башка бирөөлөрү Чехия террордук аракеттердин бутасына айланышы ыктымал деп чочулашат. Буштун визити учурунда алар демонстрацияларды жана нааразылык жыйындарын өткөрүшмөкчү. Буштун визитине Вашингтондун планын колдогон топтор да күтүнүп жатышат. АКШнын Прагадагы элчисине алар радар системасын колдогон петиция тапшырышты.

Жекшемби күнү орус президенти Владимир Путин Польшада жана Чехияда жайгаштырылганы жаткан антиракеталык система Россияга коркунуч туудура турганын кайрадан белгиледи. “Бүгүн да эскертким келет: буга сөзсүз жооп кайтарган кадамдар жасалат. Биз өз коопсуздугубузду камсыз кылууга мажбур болобуз. Бу процесстин демилгечиси биз эмеспиз”,- деди Путин.

XS
SM
MD
LG