Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

АКШ МЕНЕН ИРАН ОРТОСУНДАГЫ АРАЗДАШУУЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы абалды калыбына келтирүү максатын көздөп АКШ жетекчилиги кошуна Иран менен жакында жолугушууларды баштаганы менен, Ирактагы согушкерлерге курал Ирандан келип жатканы жөнүндө такай айтууда. Жакында болсо ирандык курал Ооганстанда дагы табылды.

Кыргызстанга келээр алдында АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Ооганстанда болду жана Кабул шаарында журналисттер менен жолукканда, Ооганстандагы Талибан кыймылынын калдыктары менен башка лашкерлерге курал-жарак Ирандан келип жатканы тууралуу айтты: "Ооганстандагы согушкерлер колдонгон курал Ирандан келип жатканы жөнүндө акыркы айларда бир катар маалымат табылды. Ага Иран өкмөтүнүн тийешеси бар же жок экени тууралуу, же Иран өкмөтү ага кандайдыр колдоо көрсөткөнү жөнүндө бизде азырынча далил жок, мүмкүн курал мыйзамсыз алып келинүүдө, анын артында эмне турганы белгисиз. Бирок, Талибан кыймылынын жоокерлерине жана баңги заттарын саткан башка кылмыштуу топторго жеткирилген курал Ирандан келип жатат",- деди Гейтс 4-июнда.

Лондон шаарындагы Коргонуу маселелери боюнча АКШ-Британиялык маалымат борборунун эксперти Пол Ингрэмдин айтымында, Ооганстан же Иракта ирандык курал табылып жатканы сөзсүз эле аны колдонгон лашкерлерди Тегеран колдоого алууда дегенге жатпайт.

Ооганстандагы Талибан кыймылынын өкмөтүн кулатууга Тегеран дагы салым кошкон, Ирактагы согушкерлер колдонгон көптөгөн курал болсо АКШ же Европа мамлекеттеринде өндүрүлгөн: "Иракта аракеттенген лашкердердин колундагы куралдын басымдуу көпчүлүгү чындыгында Америка же Европадан келет, бирок андан - АКШ же Европа мамлекеттери ал согушкерлерди курал менен камсыз кылып жатат деген жыйынтык чыгарган болбойт. Согушкерлердин колуна курал ар башка булактардан, жашыруун соода аркылуу жана ар түрдүү коопсуздук күчтөрүнөн тийиши мүмкүн",- дейт Ингрэм.

Анткен менен америкалык эксперттердин айтымында, Ирактагы лашкерлер америкалык күчтөргө каршы аткан ракеталар - кошуна Ливандагы "Хизбалла" уюму Израилге каршы колдонуп жаткан "Фажр" деген ирандык ракетелерга өтө окшош. Жакында Ирактын борбору Багдад шаарынын борборуна бир нече ошондой ракета атылды, Вашингтон болсо такай - "Хизбалла" уюмун Иран өкмөтү тымызын колдойт деп билдирип келет.

Ооганстандагы талибдердин калдыктары акыркы мезгилде өтө кеңири колдоно баштаган бомбалар дагы Иранда өндүрүлгөн жарылуучу заттардан жасалат деген маалыматтар көп. Бирок, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани жекшемби күнү Тегеран шаарында журналисттер менен жолугуп, Ливандагы "Хизбалла" уюмуна Тегеран эч кандай аскерий жардам көрсөтпөгөнү тууралуу билдирди.

Аны менен катар Тегеран дагы Вашингтонду акыркы мезгилде күнөөлөп келет, анткени Иран өкмөтүнө каршы террордук аракет көргөн куралчандардын жанында америкалык курал табылган.

Ирандын коопсуздук кызматтарынын айтымында, АКШ менен Британия өлкөгө көптөгөн чалгынчыларды жиберген, Ирандын өкмөтүнө каршы аракеттенген күчтөрдүн артында Вашингтон менен Лондон турат жана андай күчтөр Иран аймагына Түркия аркылуу келүүдө.

XS
SM
MD
LG