Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

14:26 АКШ коргоо министри, Кыргызстан президенти эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты


Президент Курманбек Бакиев жолугушууда Кыргызстан антитеррордук аба-аскерий күчтөрүн жайгаштыруу аркылуу Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга салым кошкондугу шек туудурбайт деп билдирди. Жолугушууда тараптар Ооганстандагы жагдай дүйнө коомчулугун тынчсыздандырган бойдон калып жатканын өкүнүч менен белгилешти. Президент Курманбек Бакиев Кыргызстан Эл аралык антитеррордук коалициянын алкагындагы милдеттенмелерди бекем сактап жатат деп эсептеди. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс антитеррордук авиабазага байланышкан окуяларга карата Кыргызстандын көз карашына АКШ түшүнүү менен мамиле кыларына ишендирди. Мындай окуяларга жол бербеш үчүн бардык аракеттерди көрөрүн белгиледи. Базанын аскер кызматкери былтыр декабрь айында кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн. Андан мурдараак аскерий учак президенттин учагын коюп кеткен. Ушул өңдүү окуяларды эске алган Кыргызстандын саясий-коомдук чөйрөсү базага байланышкан келишимди кайра кароо, базаны чыгарып кетүү талаптарын коюп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG