Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВ ПАРЛАМЕНТТИ ИШКЕ ЧАКЫРДЫ


Камбарата ГЭСтеринин тагдыры боюнча талкуунун парламенттеги экинчи күнүндө 5-июнда Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиев Жогорку Кеңешке келип сөз сүйлөдү. Анын тексти менен таанышыңыздар.

Урматтуу депутаттар!


2007-жылдын биринчи жарым жылдыгы аяктап жатат. Бүгүн менин Сиздерге келишимдин себеби Сиздер Конституцияга ылайык үч жумадан кийин отпускага кетип, округдарда иштейсиздер.


Бирок кечиктирбестен чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар. Биз Сиздер менен өткөн сессиялык жылы көп нерсени жасадык. Азыр болсо ишенимдүү чекит коюп, жакшы жыйынтык менен бүтүрүү зарыл.


Бул жерде сөз өлкө үчүн өтө олуттуу маселелер жөнүндө болуп жатат. Биз саясий маселелердин үстүндө көп иштедик. Бирок экономикабыздын чабал бойдон калып жатышы биздеги эң олуттуу көйгөй. Бир караганда өлкөнүн экономикасындагы өзгөрүүлөр азыр жаман эместей көрүнөт. Ички дүң продукт, инвестициялар, салык жыйымы өсүп жатат, бул өлкөнүн бюджетин көбөйтүүдө көрүндү. 2005-жылдын мартына чейин өткөн чакырылыштагы парламенттин депутаттары бюджетти 18 млрд. сом көлөмүндө бекиткен. Быйыл ал 34 млрд. болду. Өсүш дээрлик эки эседей болду.


Бирок бүгүнкү күндөгү экономикалык көрсөткүчтөр кечээкинин жанында гана жакшы көрүнөт. Дагы бир жолу баса белгилеп коеюн, кечээкинин жанында гана жакшы көрүнөт! Алар кыйла тез жана туруктуу өнүгүп жаткан башка өлкөлөргө салыштырганда өтө эле жупуну. Биз заманга жараша өнүгүү темпине жетише албай жатабыз. Алдыңкы мамлекеттер менен биздин өлкөнүн ортосундагы чоңоюп бара жаткан ажырым бизди экономикасы начар өнүккөн мамлекеттердин катарына улам жылдырып жатат. Дал ушуга Сиздердин өзгөчө көңүл бурууңуздарды суранам.


Өткөн жумада Өнүгүү Форуму болуп өттү: донорлор, эл аралык уюмдар менен кеңири масштабдагы жолугушуу болду. Анда өнүгүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу маселеси каралды. Аны менен биз Президенттик Кайрылууда баяндалган милдеттерди аткарууга карай маанилүү кадам таштадык.


Форумда биз маселелерди чечүү боюнча өз көз карашыбызды баяндадык. Ал колдоого ээ болду. Өлкөбүз чоң ишке, өнүгүүнүн реалдуу стратегиясына старт алды деп айтсак болот.

Азыр кыйла жагымдуу саясий кырдаал түзүлдү. Биз конституциялык реформанын кезектеги этабын аяктоонун алдында турабыз. Конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорун Сиздер Конституциялык сотко жибердиңиздер. Ал ошол өзгөртүүлөрдү иликтеп, иштеп жатат, жакында өзүнүн корутундусун берет деген үмүттөмүн. Конституцияда бардык саясий күчтөрдүн, оппозициянын пикирин эске алганга бизде бардык мүмкүнчүлүк бар. Биз бир пикирге, келишимге келебиз деп ишенем.

Албетте, конституциялык өзгөртүүлөрдү кабыл алгандан кийин биздин алдыбызда кыйла көп саясий окуялар турат. Бирок азыр экономиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамдарды жасоого нормалдуу кырдаал түзүлдү.

Азыр бардыгы экономикада ишибиздин илгерилешине жараша болот. Ушуга байланыштуу бизге экономикада жакшы алга карай жылууну камсыз кыла турган комплекстүү чараларды кабыл алуу зарыл. Биринчи кезекте, мыйзам чыгаруу боюнча иш чаралардын комплекси.

Тилекке каршы, бул маселени мен парламентте биринчи эле жолу көтөрүп жатпаганымды айтып коюшум керек. Бул маселелердин көпчүлүгү жоопсуз калгандыгын да өтө кабатырлануу менен белгилегим келет.

Ошондуктан, бүгүн Сиздерге дагы бир жолу кайрылууну чечтим.

Өкмөт иштөөгө даяр. Ага биздин экономикабыздын өнүгүшү үчүн укуктук механизмдер керек. Ишти алга жылдыруу сиздерге гана байланыштуу болуп турат.
Сөз эмне жөнүндө болуп жатат? Эң оболу, кеп чечүүчү тармактарга ири жеке инвестицияларды тартуунун мыйзамдык негизи, энергетика секторун мамлекеттен ажыратууну аяктоо жөнүндө болуп жатат.
Бул эмне үчүн маанилүү?

Нарын жана башка дарыяларда жаңы электростанцияларды куруу боюнча ишти тез арада баштоо биздин келечегибизди аныктайт. Бул аша чапкан сөз эмес. Суу, суу-энергетикалык ресурстар - биздин башкы байлыгыбыз жана өлкөбүздүн келечектеги бакубат турмушунун негизи экендигин Сиздер жакшы билесиздер. Бирок, биз ал ресурстарды пайдалануу үчүн аларды жигердүү өздөштүрө баштап, көп каражат жумшап, станцияларды, суу сактагычтарды, каналдарды курушубуз керек.

Инвесторсуз биздин ишибиз илгери жылбайт. Биздин коңшубуз Тажикстан бул багытта өтө жигердүү иштеп жатат. Аларда мыйзам жагынан тоскоолдуктар жок. Эмитен эле алар Американын, Кытайдын, Ирандын, Казакстандын жана Россиянын капиталын жигердүү тартып, электростанцияларды, электр берүү тармактарынын курууга катуу киришип, эми Афганистан менен Пакистандын энергетика рыногуна чыгууга даярдык көрүүдө. Биз болсо өзүбүздүн гидроэнергетика байлыктары мол экенин айтып жатабыз, ооз учу менен энергетикалык коопсуздугубузга тынчсызданабыз. Бирок он жети жылдан бери бул байлыктарды өздөштүрүүгө жана ушунун эсебинен чындап энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу үчүн эч нерсе жасаган жокпуз.

Мурда Сиздерге айткандарымды дагы бир жолу кайталап коеюн. Кырдаалды жөнөкөй айтсак бир ай кечиккенибиз далай жылды жоготконго барабар. Мындай болсок Камбарата-1 жана Камбарата-2 электр станциялары Бакиевдин тушунда да, азыркы депутаттардын тушунда да ишке киргизилбейт. Эгер биз азыр чечим кабыл албасак, алар эч качан курулбай калышы да мүмкүн. Бизден коңшуларыбыз озуп кетет жана эртең кыргыз энергетикасына жумшалган бардык инвестициялар маанисин жоготот.
Жаңы станцияларды куруу жөнүндөгү маселелерди Бишкек ТЭЦин, бөлүштүрүүчү энергетика тармактарын жеке колго өткөрүп берүү менен бирдикте комплекстүү чечүү керек. Бишкек ТЭЦи боюнча шашылыш чараларды көрүү зарыл. Шаарда бул станцияны реконструкциялоо жөнүндө айтпаганда да, аны жөн гана кармап туруу үчүн ресурс жок. Реконструкциялоо өтө зарыл. Ал 4 млрд. сомдон ашык акчаны талап кылат. Бүгүнкү күндө ТЭЦти күтүү үчүн бардык региондор, ал түгүл андан жылуулук жана электр энергия албагандар да төлөп жатат. Бизге станцияны жаңылоого ресурстарды жумшап, тарифтердин алгылыктуу деңгээлин сактоо менен арзан көмүр менен камсыз кыла турган инвестор керек.

Бул менчиктештирүү программасынын төртүнчү этабына кирген бөлүштүрүүчү тармактарга да тиешелүү. Алгачкы үч этаптын жыйынтыгын Сиздер канааттандырарлык эмес деп баалаганыңыздарды билем. Бул туура. Анткени биз төртүнчү этапта каралган маанилүү кадамды жасамайынча – бөлүштүрүү тармагын жеке колго бермейинче эч кандай менчиктештирүү жөнүндө, болгондо да ийгиликтүү менчиктештирүү жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Биз Сиздер менен орто жолго келип токтодук: акционердик коомду түзүп, ошону менен жайбаракат отуруп калдык. Чындыгында алар мамлекеттик ишканалар боюнча кала беришти. Бүгүнкү күндө эң башкы көйгөй дал ушул бөлүштүрүү тармактарында. Дал ушул жерде негизги техникалык жана коммерциялык жоготуулар болуп жатат жана алар көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө бул жер коррупциянын эң башкы уюктарынын бири болуп калды. Ошондуктан Жогорку Кеңештин комитетинин позициясы көп суроолорду жаратып жатат. Ушундай коррупциялык чөйрөнү кыйратып, ишканаларды жеке колдорго берүү керек.

Албетте, бул маселелерди чечүүдө эки маселени таасын көңүлгө алып, көзөмөлдөө керек.
Эң оболу, бардыгын биздин мыйзамдарда каралгандай тендер жана конкурс аркылуу жүргүзүү керек. Эч кандай көз будамайлоо, эч кандай жашыруун бүтүмдөр болбоого тийиш жана болбойт.
Муну менен бирге ар кандай менчиктештирүүнү саясий оюндар үчүн пайдаланып, же мыйзамды тебелеп, маселени өз пайдасына чечүүгө аракет кылгандарга жол бербөө керек. Бардыгын мыйзам боюнча гана жасоо керек.

Энергетиканы менчиктештирүүдөгү дагы бир маанилүү маселе – тарифтерге мамлекеттик катуу көзөмөл кылуу, жарандардын, керектөөчүлөрдүн таламын коргоо. Булар тендердин шарттарында жана Өкмөттүн күндөлүк тарифтик саясатында каралып, Жогорку Кеңеш тарабынан катуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Мен айтып коеюн, бул жерде Жогорку Кеңештин ролу өтө маанилүү болот.

Мыйзам долбоорлорунун экинчи блогу менчик мамилелерин оңдоого байланышкан. Бүгүнкү күндө өлкөдө эч ким менчик, капитал, инвестициялар бекем корголот деп ишене албайт. Менчиктештирүү болгон дээрлик бардык өлкөлөрдө анын жыйынтыктарын биротоло бекемдөө, мүлктү жана капиталды мыйзамдаштыруу үчүн чаралар көрүлгөн. Азыр бир нече жыл мурун татаал кырдаал болгон Тажикстанда да менчикти, капиталды легалдаштыруу жана аларды көмүскөдөн чыгарууга байланыштуу салык мунапысы жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган. Казакстан менен Россия аны эчак эле жасашкан. Биз эле дале болсо териштирип, менчиктештирүүнүн натыйжасын улам эле кайра карап жатабыз.
Бул жерде өтө коркунучтуу кесепеттер бар. Тилекке каршы улуттук байлыгыбызды арттырып жана көбөйтүүнүн ордуна тартып алып жана бөлүп жаруу биздин улуттук мүнөзүбүз болуп калды. Рынок мамилелери иштеп кетиши үчүн бир нерсеге жетишкибиз келсе, биз демократия жана саясат менчик жана экономика башталган жерден бүтүшү керек экендигин түшүнүшүбүз зарыл. Бийлик жөнүндө маселени добуш берүү жана митингдер менен чечсе болот жана чечүү керек. Бирок менчик жөнүндө маселе мыйзам менен гана чечилүүгө тийиш.
Сиздердин карооңуздарга бир нече мыйзам долбоорлору киргизилген, алар көмүскө капиталды ачыкка чыгарууга тийиш. Адистердин берген баасына караганда өлкөдөгү көмүскө рынок мыйзамдуу жүгүртүүдөн бир нече ашат. Капиталга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамсыз аны ачык иш жүргүзүү чөйрөсүнө которуу өтө кыйынга турат.
Буга ошондой эле парламентте каралбай кыймылсыз жаткан депозиттерди камсыздандыруу маселеси да кирет. Өлкөдө калктын колунда накталай акча түрүндө 20 млрд. сом бар. Аларды эч ким банкка алып барууга да шашпайт. Эмне үчүн мындай болуп жаткандыгын банк бизнеси менен байланышы бар Сиздердин кээ бир кесиптештер аны оңой эле түшүндүрүп беришет. 1998-2000-жылдардагы окуялар көпчүлүктүн эсинде дале сакталып турат, анда бир нече коммерциялык банктар кыйынчылыкка учураганда, көптөгөн жөнөкөй адамдар өздөрүнүн салган акчаларынан айрылышкан. Алар ушул кырдаалдын кайра кайталанышынан чочушат. Ал эми азыр бул маселени чечүү үчүн реалдуу механизмдер сунушталып жатканда, сиздер кандайдыр-бир себептер менен аны карап чыгууну каалабайсыздар. Банктарга келип түшкөн соң, бул акча каражаттары экономиканын өнүгүшүнө түрткү бермек. Алардан биздин мыйзамдар менен каралган бардык салыктар төлөнөт.


Мыйзамдардын дагы бир блогу бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө байланышкан. Мында сөз салык жана бажы кодекстерине түзөтүүлөрдү киргизүү, текшерүүлөрдүн санын чектөө жөнүндө болуп жатат. Бул мыйзам долбоорлорунун бир бөлүгү Сиздерде бар, бир бөлүгү Өкмөт тарабынан дагы киргизилет.


Тилекке каршы, биз бул планда коңшулаш мамлекеттерге караганда артыкчылыктарыбыз болгон убакыт өтүп кетти. Иш саясатта да, саясий туруктуулуктун жоктугунда деле эмес, бирок бул деле терс таасирин тийгизбей койбойт. Башкы проблема – оюндун эрежелеринин начардыгы жана алардын ишкерлер үчүн жакшы эмес жагына ар дайым өзгөрүлүп турушу болуп саналат. Мамлекеттик кирешени толуктоого умтулуу менен биз ичке болуп билинбеген чектен өтүп кетүүдөбүз. Бул чектен өткөн соң бизнес үчүн биздин өлкөдө иштөө пайдасыз болуп, алар бизден кетип жатат. Бул туурасында мага ишкерлер көп эле айтып жатышат. Иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылууда.
Биз бажы жана салык системасынын жетекчилигин алмаштырганыбызды Сиздер билесиздер. Бүгүнкү күндө жөн гана түшкөн салыкты, жыйымдарды көбөйтүү жетишсиз. Ага алгач коррупцияны ооздуктоонун эсебинен жетишүү кыйынчылыкка турган жок. Эми кыйла кылдат, кыйла акыл менен иштөө талап кылынат. Кантсе да өлкөнүн байлыгын фискалдык органдар эмес, ишкерлер түзөт. Аларга да ошого жараша мамиле кылуу керек. Жакшы жагына өзгөрүүлөр, анын ичинде Сиздердин жардамыңыздар менен боло тургандыгына ишенем. Ошондуктан, Сиздерден, урматтуу депутаттар, кыска мөөнөттүн ичинде жаңы салык кодексин кабыл алуу маселесин чечүү талап кылынат.

Урматтуу депутаттар!

Азыр олуттуу кадам жасоо үчүн өтө жагымдуу учур жана өтө маанилүү этап. Биз менен Сиздерде убакыт аз калды. Сессиялык ишке бир айдан аз убакыт калды. Кээ бир депутаттар даяр эмес деген шылтоо менен маанилүү маселелерди күзгө калтырууну каалап жатышат. Мен бекем айтып коеюн: Өкмөт мыйзам долбоорлорду сунуш кылууга жана аларды бардык маселелер боюнча коргоого даяр. Күзгө калтыруу – бул жөн гана маселени азыр кароону каалабагандык. Ошондуктан, мен Сиздерден ушул күндөрү чымырканып иштеп, артыкбаш саясатташтырбастан, өлкө үчүн зарыл жана өтө керектүү чечимдерди кабыл алып беришиңиздерди суранам. Ыракмат.

XS
SM
MD
LG