Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

ПРЕЗИДЕНТ ПАРЛАМЕНТТИ КАМБАРАТА ГЭСтери БОЮНЧА МЫЙЗАМДЫ ЭРТЕЛЕТҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ


5-июнда Жогорку Кеңеш Камбарата ГЭСтерин жана Бишкек ТЭЦин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдан чыгаруу маселесин кароону улантты. Бул күнү президент Курманбек Бакиев парламентке келип, экономикалык багыттагы, анын ичинде Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамдарды тезирээк кабыл алып берүүнү депутаттардан өтүндү.

Жогорку Кеңеште президенттин экономикалык мыйзамдар боюнча сөз сүйлөөрү дүйшөмбү күнү кабарланган. Шейшемби күнү болсо Президент Жогорку Кеңешке саат он экиге карай келди. Ага чейин депутаттар Камбарата ГЭСтерин жана Бишкек ТЭЦин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдан чыгаруу боюнча өкмөт башчы Алмаз Атамбаев жана Өнөр жай, отун-энергетика ресурстары боюнча министр Игорь Чудиновго суроолорду берүүнү улантышты.Депутаттар Болот Шерниязов, Арслан Малиев жана башкалар Камбарата ГЭСтерин өнөктөштөр менен курууда Кумтөрдүн тагдырын кайталабоо жана сууну көзөмөлдөн чыгарбоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен жолугушуудан кийин Жогорку Кеңешке келген президентке дароо сөз берилип, ал парламентти экономикалык багыттагы, өзгөчө Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзамдарды тезирээк кабыл алууга чакырды:

- Бир ай кечиккенибиз далай жылды жоготоконго барабар. Мына ушундай болсок Камбарата-1 жана Камбарата-2 электр станциялары Бакиевдин тушунда да, азыркы парламенттин тушунда да ишке киргизилбейт. Эгер азыр чечим кабыл албасак алар эч качан курулбай калышы да мүмкүн.

Президент маселени күзгө калтырбай тез арада чечүүгө чакырып, энергетика тармагындагы коррупцияны кыскартуу үчүн бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүүнү дагы бир ирет жактады. Президенттен кийин депутаттар Замир Эсенаманов, Темир Сариев, Осмонбек Артыкбаев, Кубанычбек Исабеков , Султан Урманаев сөз сүйлөп, алар өкмөттүн Камбарата ГЭСтерин куруу, жалпы эле аткаруу бийлигин сынга алышты. Маселен, Темир Сариев бийликке ишеним жок деген пикирин кайталап, ал эми Камбарата ГЭСтерине байланыштуу чочулоонун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биздин негизги талашыбыз, бул жерде өкмөт мүчөлөрү толук отурат, президент отурат, мен айтып коеюн, менин жеке оюм, Камбарата ГЭСтерин курушубуз керек. Анда талаш жок. Бирок, кайсы жол менен барабыз? Өкмөт мыйзамдан чыгарып берип койгула, кимге, эмнеге, кайсы шартта экенин анан келип айтабыз дешет. А Кристалл менен Майлуусуу заводу эмне болду? Кумтөр эмне болду? Мына ошолорду көрүп, билип туруп, анан кантип өкмөттүн келип жөн эле чыгарып берип койгула дегенине көнөбүз.

Депутаттардын сөзүнөн кийин президент кайрадан сөз алып, Камбарата ГЭСтери боюнча парламентке жеткиликтүү түшүндүрмө берген эмес деп өкмөттү сынга алып, зарылчылык болсо бул мыйзам долбоорун парламентке өзү алып чыгууга даярдыгын билдирди.

Президенттин сөзүнөн кийин Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев сөз алып, беш депутаттын сөзү жалпы парламенттин пикири эместигин ачыктады:

- Урматтуу Курманбек Салиевич, уруксат болсо мен комитеттин төрагасы катары бир минут айтып коеюн, мына сиз Алмаз Шаршеновичти баш кылып, өкмөт даярданбаптыр деп жатасыз. Сиз беш гана депутаттын сөзүн уктуңуз. Өкмөт эки жумадан бери депутаттарга толук түшүндүрмө берип бүттү. Депутаттар толук маалымат алды. Ал эми жанагы сүйлөгөндөр саясат үчүн гана. Ошондуктан депутаттардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө мыйзамды кабыл алабыз деп турат.

Ал эми төрага Марат Султанов эки күн бою жүргөн талкууда айтылган сын, пикир, сунуштарды өкмөт топтоп, дүйшөмбү күнү парламентке маселени кайра алып чыгуусун тапшырды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG