Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

ПУТИН НАКТА ДЕМОКРАТПЫ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Акыркы убаката Россия Батышты демократиялык асыл- нарактарды этибарга албай жатат, деп айыптоого өттү. Россиянын мындай позициясы Путиндин 1- июнда Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн журналисттерине берген интервьюсунда айкын байкалды.

Албетте мен анык демократмын. Бирок, менин проблемам жалгыздыгымда. Дүйнөдө мындай анык демоакттар жок. Махатма Ганди өлгөндөн бери андай демократтар калбай калган, деди президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Орус бийлигинин оппозициялык саясатчыларды кысмака алып, түрмөгө каматып жатканын коргоп, президент анын тактикасы Германиянын жетекчилигинин тактикасына окшош экенин, ал жерде дагы каршы көз караштагыларга озунуп сокку уруу ыкмасы колдонулуп жатканын белгилеп өттү.

Англиянын Кэмбридж университетинин профессору Джон Данн, Путиндин айткандарына комментарий берип, тигил жэ бул өлкөнүн канчалык демократиялуу экени негизги үч критерийден аныкталат, дейт. Биринчиден, өлкөнүн чоң кишилери жалпы шайлоонун жүрүшүндө өзүлөрүнө жакпаган бийликти кызматтан четтетип, жаңы бийликти шайлай алат. Бул, маселеде Германия башкаларга үлгү боло алат, экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган 60 жылдан бери өлкөнү чордончул-оңчул жана чордончул-солчул күчтөр же алардан түзүлгөн коалиция башкарып келатат. Бул аралыкта өткөн шайлоодо мыйзамдар бузулган эмес, дейт профессор Данн.

Ал эми Россияга келсек, 2000 жана 2004-жылкы шайлоодо саясий көп түрдүүлүк шайлоонун негизги фактору боло алган жок, мындай көрүнүш келкерки президенттик шайлоодо да болот. Анда кремлди колдогон партияларга кеңири жол берилип, Яблоко жана Оңчул Күчтөрдүн Биримдиги сыяктуу чыныгы оппозициялык партиялар көлөкөдө калышат, деп кошумчалады Данн.

Экинчи критерий: демократиялык коомдо ар бир жаран кайсы бир саясий дебаттарга аралаша алат жана мындан анын өзү жана үйбүлөсү үчүн коркунуч жаралбайт.

- Жарандын саясий дискуссияга катышуусу үчүн демократиялык коомдо чектөө коюулбайт. Ага катышкан кишилерди опузалоо, коркутуп-үркүтүү же алардын иши менен жашоосуна чектөө коюу, адмиинстративдик жана кылмыш жообуна тартуу, анын көз карашы жагымдуу болобу же жокпу, болбойт,- деди профессор Данн.

Россияда болсо эркин маалымат каражаттары жабылып, өкмөттү сындаган журналисттер өлтүрүлгөн учурлар бар. 1993-жылдан бери эле Россияда 300 журналист киши колдуу болуп өлдү, дейт ал.

Жана үчүнчү критерий катары англиялык профессор баардык мекемелер менен жеке жарандардын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги демократиялык коомдо камсыз кылынууга тийиш, деп эсептейт. Россиянын коррупцияга баткан системасы андай жоопкерчиликти камсыз кыла албайт, дейт ал.

XS
SM
MD
LG