Нью-Йорктук эркек сот баш калканч сураган 100 албандын бешөөнүн гана арызын канааттандырат. Ал эми анын аял кесиптеши 100 албандын 96сынын арызын канаатандырат.
Атланта шаарындагы иммиграциялык сот ага кайрылган 273 кытайлык жарандын бирине да оң жооп берген эмес, ал эми ушул эле соттун аял кесиптеши 150 кытайдын ишин карап, дээлик 70 пайызына оң жооп берген.
Башкача айтканда, Кошмо Штаттарында баш калканч сурагандардын тагдырын фактылардан мурда, соттун ким экени, сот кайсы шаарда жайгашкандыгы сыяктуу факторлор чечип коет. АКШдагы баш калканч берүү системасындагы мындай кемчиликтер тууралуу "Стандорд Ло Ревью" деп аталган журналда жарыяланган жаңы изилдөөдө айтылат.
Филаделфияда жайгашкан Темпл Университетинин юриспруденция боюнча профессору Жая Рамжи-Ногалес бул изилдөөнүн авторлорунун бири. Ал баш калканч сурап, арыз бергендердин арасынан Либерия менен Орусиянын жарандары айрыкча жолдуу экендигин "Азаттыкка" мындайча билдирди:
– Баш калканч берүү өтүнүчтөрү көп канааттандырылган 15 өлкөнүн ичинен Либерия менен Орусиянын жарандары айрыкча жолдуу. Ал эми жолу болбогондор көбүнчө Гаитиден жана Венесуэладан.
Изилдөөдө ошондой эле аял соттор эркек сотторго караганда 44 пайыз көбүрөөк баш калканч берет. Мындай көрсөткүчтүн сыры эмнеде?
- Биз бул кандайча болоорун билбейбиз, болжолдоп гана айта алабыз. Айрымдардын пикиринде, аял соттор эркек кесиптештерине караганда дискириминацияга көбүрөөк туш болушат, ошондуктан алар баш калканч сурагандарга көбүрөөк боору ооруп, жан тартышат.
Маектешибиздин сөзү боюнча, Америкада урук-туугандары барлар жана күчтүү адвокат жалдай алгандар да жолдуу болушат. Орустардын билим деңгээли жогору экендиги да жардам берип жаткан болушу толук ыктымал.
Кошмо Штаттарында баш калканч берүү системасынын мааниси өтө жогору, канткен менен өлкө өзүн дүйнөнүн булуң-бурчунда куугунтукка туш болгон адамдар баш калканч тапкан жер катары билет.
Изилдөөнүн авторлору баш калканч сурагандарга квота берүүгө кеңеш беришпейт. Бирок, имиграциялык соттордун кесиптик даярдыгын жакшырууга жана аппеляция системасынын көз карандысыздыгын бекемдөөгө чакырышат.