Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

МУРДАГЫ СОВЕТТИК ДИССИДЕНТ ДЕМОКРАТИЯ КУРУУДАГЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖӨНҮНДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 5-6-июнда Прага шаарында өтүп жаткан жана демократия маселелерине арналган ири эл аралык конференцияны уюштурууга белгилүү израилдик саясатчы Натан Шаранский дагы катышкан. Советтер Союзунда туулуп, кийин диссиденттик аракеттери үчүн түрмөдө отуруп чыккан Шаранский демократия үчүн күрөш канчалык татаал экенин жакшы билет.

Натан Шаранский 1948-жылы Украинада туулган жана 1972-жылы Маскөөдөгү атактуу Физтехти аяктап, кийин 1973-жылы Израилге кетейин дегенде, мамлекеттик сырларды билет деп совет өкмөтү аны өлкөдөн чыгарбай койгон жана ошол мезгилден тартып Шаранский демократия үчүн күрөшүп, диссидентке айланган. 1975-жылы Хельсинки шаарында өткөн дүйнөлүк конференцияда Батыш менен СССР адам укуктарын коргоо боюнча келишимдерге кол койгондон кийин, 1976-жылдын май айында профессор Юрий Орлов Маскөөдө "Хельсинки тобу" деген уюмду түзүп, ал келишимдерди ишке ашыруу үчүн аракеттене баштаган жана Шаранский ал уюмга кошулган.

Украин тилин жакшы билгендиктен, Шаранский украиналык диссиденттерге да жардам көрсөткөн жана академик Андрей Сахаровдун сөздөрүн англисчеге которуп, аларды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан. 1977-жылы Шаранский камакка алынып, бир жылдан кийин 13 жылга эркинен ажыратылууга кесилген. Сегиз жыл абакта отургандан кийин ал 1986-жылы бошотулуп, СССРден кууп чыгарылган жана Израилге барып, ал жакта жаңы саясий партия түзүп, өлкө парламентине депутат болуп шайланган жана кийин Израилдин өндүрүш министри, андан соң ички иштер министри болуп иштеген.

Азыр ал Израилдеги Аделсон институтун жетектейт жана 5-6-июнда Прага шаарында өткөрүлүп жаткан "Демократия менен коопсуздук: негизги баалулуктар жана туура саясат" деген конференцияны уюштургандардын бири. Анын айтымында, акыркы жылдарда дүйнөдө диктатуралык маанай баш көтөрүп, демократия солгундай баштады, анткени демократияны өнүктүрүү үчүн өтө көп жана татаал аракет керек.

Андан тышкары, авторитардык мамлекеттер менен демократиялык өлкөлөр мамиле түзүүгө аракеттенип жаткандыктан, абал ого бетер начарлап баратат:

- Эркиндикти сиз эч кимге таңуулай албайсыз, бирок диктаторлорду колдоо менен диататураны таңуулаш мүмкүн. Советтик мезгилдеги Батыштын СССРди тынчытуу жана аны менен элдешүү саясаты советтик элдин үмүтүн өчүргөн, алар - эч качан эркиндикке жетпейбиз деп ойлогон. Бирок кийин андай саясат токтотулуп, демократияны өнүктүрүү аракеттери көрүлүп, демократия үчүн күрөш башталган. Азыр дагы эркин дүйнө ошону түшүнө баштады, анын биринчи белгилери пайда болууда - диктаторлорду колдоо эч кимге пайда алып келбейт.

Анын айтымында, кайсы бир иштерде диктаторлор менен эркин дүйнө кызматташканы менен, чындыгында алардын алыскы максаты ар башка экенин жакшы түшүнүүгө тийиш:

- Гитлерге каршы согушканда Сталин Черчилль жана Рузвельттин шериги болгону - ал дароо демократия куруу ишинде дагы алардын шеригине айланган дегенди билдирбейт. Ушуну жакшы түшүнүү керек,- дейт мурдагы советтик диссидент.

Прагадагы конференция учурунда азыркы Орусиядагы абалды АКШ президенти Жорж Буш дагы сындап өттү, Орусиянын "Бирдиктүү граждандык фронт" деген оппозициялык уюмунун жетекчиси Гарри Каспаров болсо президент Владимир Путин түзгөн тартипти "полициялык режим" деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG