Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Ө. ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ӨЗ КОРООСУН КАРАП, АНАН БАШКАЛАРДЫ СЫНДАСЫН


Президент Курманбек Бакиев 5-июнда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, депутаттарды “Камбарата” ГЭСтерине байланышкан маселени тезирээк чечип берүүгө үндөдү. Президенттин сөзү тууралу ой-пикирлери менен депутат Өмүрбек Текебаев бөлүшөт.

- Бакиев өкмөттүн турумун жактоочу маанилүү же олуттуу аргумент келтире алдыбы сиздин оюңузча?

- Өкмөт энергетика секторун башкарып кетүүнүн программасын сунуштаган эмес, андай программа жок. Болгону мурдагы эки жылдан бери энерго секторду сатып жиберип жеке менчик адамдарга берсек, ошондо проблема чечилет деп биздин мамлекеттин проблемасын чечүүнү чет элдик инвесторлорго жүктөп койгусу келип отурат. Мына ошол сөз кечээ кайталанды. Бакиев керемет закондор бар ошону Жогорку Кеңеш кабыл алса эле биз жылына 10 пайыздан өсүп кетет элек деген мыйзамдардын бири ошол. Менин оюмча, өкмөт, президент эки жылдан бери энергетика тармагындагы коррупцияны, ууручулукту жок кылуу үчүн бир дагы иш кылган жок, бир дагы жетекчи кызматтан бошотулган жок, тескерисинче Акаев учурундагы системаны түзүп, коррупциялык системага белчесинен баткан адамдар бүгүн деле иштеп келип отурат.

Премьер-министр Феликс Кулов аларды кызматтан алыш үчүн канча жолу гезит аркылуу, кат, Жогорку Кеңеш аркылуу президентке кайрылган. Бирок алар былк этпестен ордунда отурат. Мына ошолор энергетика, бөлүштүрүү тармагын, ошондой эле жаңы курула турган ГЭСтерди ээлеп калуу үчүн өз кызыкчылыгын түртүп атат деп эсептейбиз.

Негизги принциптерди аныктагандан кийин гана жаңы ГЭСтерди инвесторлорго курууга берсе болот. Бул кандай принциптер. Бул – суу биздики, энергия биздики. Суунун агып чыгуу графигин биз кыргыздар түбөлүк аныктайбыз деген принцип. Анткени, кеп бул жерде энергия жөнүндө гана эмес, суу жөнүндө кетип атат. Анткени, суунун башында ким болсо суу түтүгүн көзөмөлдөө ошондо болот.

Экинчиси, суу түбөлүк, курулган ГЭС, суу ташылып алынып келип энергия келип чыгат, мейли бул атомдук энергетика болсо дагы. Анткени суу бекер. Ошондуктан биз суунун баасын ГЭС курган азаматтар менен эсептешип, пайданы эмес, биз продукцияны бөлүшүбүз керек. Чыккан энергиянын жарымы түбөлүккө, андан кем эмес бөлүгү кыргыздардыкы, мамлекеттики болуп калат деген негизги принциптерди карманышыбыз керек. Болбосо өкмөт менен президент айтып атат, 51 пайызы биздики болот деп. 10 жылы Кумтөрдүн 75 пайызы биздики болгон, бүгүн 15 пайыз калды. 7 жыл мурун тамеки өндүрүүчүлөрдү коргойбуз деп германиялык фабрика курганбыз, 51 пайызы биздики болсо, бүгүн бир пайызы биздики. Коррупцияланган өкмөт, парламент кийин да болот. Алар этап-этабы менен Кыргызстандын кызыкчылыгын чет элдиктердин колуна өткөрүп беребиз деген мыйзам ченемдүүлүк Кыргызстанда көнүмүш болуп калды. ГЭСтер курулуп атканда андай мүмкүнчүлүктөргө жол бербешибиз керек. Эгер жол берсе сөзсүз инвестор бай адам, кийинки депутаттарды, кийинки өкмөттү сатып алып калган 51 пайызын өзүнө жеңил эле оодарып алат деп ойлойм.

- Президент өз сөзүндө парламенттин дарегине бир топ сын-пикир айтты. Мисалы, кыймылсыз жаткан депозиттерди камсыздандыруу маселесин атады. Ал эми азыр бул маселени чечүү үчүн реалдуу механизмдер сунушталып жатканда, сиздер кандайдыр бир себептер менен аны карап чыгууну каалабайсыздар деди. Ушундай маселенин чечилишине Жогорку Кеңеш кедерги болуп жатабы чынында эле?

- Менимче жок. Анткени, президент бир жыл мурун жаңы спикер шайланганда финансыны түшүнгөн азаматтар келди, бул багытта жакшы иштер болот деп кубанычын жашыра алган жок эле. Демек тигил же бул адамдын позициясы эмес, объективдүү нерседен көз карандуу болгон окуя деп эсептейм. Жакынкы күндөрү биз маанилүү маселелерди карап жатабыз. Баары бир убакта каралышы мүмкүн эмес. Өкмөттүн сунуштары убактысы менен каралат деп эсептейм. Эң негизгиси бизде мыйзамсыздын жоктугу, соттун адилетсиздиги, Кыргызстанда менчикти басып алмай, бөлүштүрмөй процессинин улануусу инвесторлорду чочутуп жатат. Президент ошону өз сферасында камсыз кылышы керек. Сот, прокуратура тармагын тейлеген президент. Ошондуктан мен ойлойм президент биринчиден өзүнүн короосун карап туруп анан башкаларды күнөөлөсө болот эле. Президентти угуп отурсаң өкмөт, депутаттар, эл, студенттер, мугалимдер күнөөлү. Өзү гана күнөөсүз, өзү гана четте туруп калган чоочун байкоочудай болуп көрүнөт экен.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG