Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИНЕ БИЙЛИК ӨЗ КИШИЛЕРИН АЛЫП КЕЛАТАБЫ?


УТРКнын жалгыз адамдын көзүн карабай, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштешин шарттайт деген максатта түзүлүп жаткан байкоочу кеңештин айланасында талаш-тартыштар жүрө баштады. Айрым адистердин айтымында бийлик УТРКны реформалоо боюнча жарандык коом менен ачык араздашууга барбай, Жогорку Кеңеш аркылуу анын “байкоочу кеңешине” өз кишилерин алып келүүгө аракет кылып жатат. Бирок, бийлик өкүлдөрү мындай сөздөр чындыкка коошпогонун, бардык иштер демократиялык принциптердин алкагында болуп жатканын айтып жатышат.

Президент Курманбек Бакиев УТРКны коомдук кылууга маакулдугун бергенден кийин анын башкаруучу органы катары Байкоочу кеңеш түзүү маакулдашылган эле. Байкоочу кеңеш президенттен беш өкүл, Жогорку Кеңештен беш өкүл жана жарандык коомдон беш өкүл болуп, жалпысынан 15 кишиден турмакчы. Бирок, бир катар адистердин баамында байкоочу кеңешти тандоого келгенде бийлик тымызын өз кишилерин алып келип, өлкөдөгү эң чоң маалымат булагын кайрадан бир колдо кармоого аракет кылууда. Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикири да буга үндөш:

- Кийинки окуялар көрсөтүп атат, балким түздөн-түз жарандык коомчулук менен тирешпей башка, кыйыр жолдор менен акырын телекомпанияны колго алсакпы деген максаттар коюлган окшойт. Анткени, Жогорку Кеңеш жарыялаган мөөнөт өтө кыска болуп калды.

Ошондой эле ал бийлик Байкоочу кеңешти кандайча колго алышы мүмкүн экендигин төмөнкүчө түшүндүрдү.

- Байкоочу кеңешке президенттен беш адам, Жогорку Кеңештен беш адам, жарандык коомдон беш өкүл кирет. Президенттин беш өкүлү албетте президенттин таламын талашат. Жогорку Кеңеш деле бир кылка эмес да, аларда да президентти колдогондор көп. Жарандык коом да бир кылка болбой жатпайбы. Алардын арасында да президентти колдогон бейөкмөт уюмдар толтура. Демек ,ушул жарандык коомдун өкүлдөрүн тандап атканда бийликтин таламын талашкандарды өткөрүп коюшу мүмкүн.

Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин төрагасы Бектемир Мурзубраимовдун ырасташынча, УТРКнын байкоочу кеңешин түзүүдө акыркы чекитти депутаттар коёт. Б.Мурзубраимов эл шайлаган депутаттар бийликке көз каранды адамдарды байкоочу кеңешке алып келгенге кызыкдар эмес деген ойдо.

- Муну албетте акырында Жогорку Кеңеш жетет. Отуз адамдан дароо тандалган адамдарга дароо эскертип айтканбыз. Анан өздөрүнө тиешелүү адамдар өтпөй калса ошенте беришеби. Негизсиз андай сөздөр. Бизге мыйзамды бузуп эмне күч келди.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, байкоочу кеңешке он беш кишини парламент өзү шайлап аларын, бул жерде бийликтин кысымы болушу мүмкүн эмес экендигин, “бийлик өз адамдарын алып келатат” деген сөздөр чындыкка коошпосун билдирди.

- Бул жерде эч кандай бийликтин кысымы да болбойт, бул жерде бир гана Жогорку Кеңеш татыктууларды тандап алат. Жанагы, бийлик өздөрү он беш кишини өткөзүп алып, кайра эле мурдагыдай башкарууну каалайт деген бул жаңылыштык. Чындыкка коошпойт. Бардыгы демократиялык принциптер менен болуп атат.

УТРКнын байкоочу кеңешине Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Асылбек Жоодонбеков болсо, байкоочу кеңешти түзүүдө эч кандай мыйзам бузууларды байкабаганын айтууда.

УТРКнын байкоочу кеңешин түзүү маселеси Жогорку Кеңештин күн тартибине ушул айга коюлган. Талдоочулардын пикиринде кандай болгон күндө да УТРКнын коомдук болушу сөз эркиндиги жаатындагы олуттуу жылыштардын бири болуп саналат.
XS
SM
MD
LG