Чолпоната шаарындагы Киров атындагы мектепти Тынычбек Акматбаевдин ысымына которуу жөнүндө сунуш талкууланган жыйында мектеп директору жана мугалимдер депутаттын ата-энесинен акча үмүт этип атыптыр деген доомат пикирлер айтылды. Чогулгандар эки жаат болуп айтыша кетип, директор Света Мукашева баш болгон мугалимдер залдан чыгып кетишти.
Тынычбек Акматбаевдин атасы Абдымалик аксакал бул мектепте көрсөткөн жардамдардан баш тарткан директордун мамилесин мындай сыпаттады:
- Ушул балдарга жумасына 30 литрден сүт бердирип турайын. Бардык шартын түзүп берейин. Директор балдарга жаңы жылга 200 сомдон акча алып кел дептир. Аларда кайдан акча. Мен төлөп берейин. Ошол жерге кече уюштуруп берейин. Директор айтыптыр, албагыла, барбагыла деп. Минтип отурса бул жакшы эмес да.
Абдымалик Акматбаевдин айтымында, мугалимдердин көздөгөнү белгилүү дипломат Ишенбай Абдразаков болуп жатат, анткени ал дагы ушул мектепке өзүнүн атын коюш үчүн ар кандай жардамдарды көрсөтүп жатыптыр. Ал эми мугалимдер болсо бул сөздү жалган деп төгүнгө чыгарышты.
Чолпоната шаары маркум Тынычбек Акматбаевдин шайлоо округуна кирбеген менен туулуп өскөн жери, окуган мектеби экендиги эске алынып, анын ысымын Киров мектебине ыйгаруу боюнча элдин кайрылуусу өткөн жылы эле райондук жана облустук бийликке жолдонгон.
- Бизде таза суу абдан чоң маселе. Ошого жараша эч кимдин оюнда жокто эле акча берди эле. Кийин ошол 300 миңдин артынан таза суу чыгарып алдык. Тамчы менен Чырпыктынын ортосунда автобус берди эле, балдар мектепке барып келишине. Ары Сарыкамышка да, Ортотокойго да автобус бериптир. Бул баланын эмгеги аябай эле зор. Аз убакыттын ичинде колунда жокторго барген жардамын санап деле түгөтө албайбыз, - деди Таалай Төрөгелдиев аттуу чырпыктылык тургун.
Чолпонаталык айрым аксакалдар бул маселени райондук комиссия чече албаса, эми президенттин өзүнө кайрылган жатышат. Алардын жүйөөсүндө, Тынычбек Акматбаев депутат болуп турганда шайлоочуларына да көп эмгек өтөдү. Ошол эле учурда түрмөдө чыккан чыр-чатактарды басуу үчүн депутаттык милдетин аткарганы коркпой барып, кылмыштуу топтун колунан каза тапты.
-Новопокровкада түрмөдө чыккан көтөрүлүштү баскан. Молдовановкага коркпостон түрмөдө жаткан балдарды көрөйүн, жаткан жерин оңдогула деп барган. Эл баатырын беребиз деп коюп да унчукпай калышты, -дейт ардагер Кеңеш Кулбаев.
Чолпонаталыктар Тынычбек Акматбаевдин ысмын мектепке ыйгарууга каршы болуп жатканда, Ортотокой, Сарыкамыш, Чоктал жана Тамчы айылдагылар анын ысымын өз мектебине ыйгарууну талашып жаткандыгы да айтылууда. Бирок Абдымалик Акматалиев өзү мындай сунуштарга каршы болуп келатканын билдирди. Анткени, ал айылдан чыгаан жигиттер чыкса, Тынычбектин чолпонаталык экенин шылтоолоп ысымын кайра алып коёт деп кооптонуп жатыптыр.