Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

ПУТИН МЕНЕН БУШ ЖОЛУГУШАТ, БИРОК ЧОҢ ЧАТАК КҮТҮЛБӨЙТ


Өнүккөн сегиз өлкөнүн Германиядагы саммитине катышып жаткан АКШнын президенти Жорж Буш жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин бүгүн өз алдынча жолугушууда. Жолугушуу Вашингтондун Чыгыш Европада, демек Орусиянын босогосунда анти-ракеталык радар жайгаштыруу планы орток мамилелерди улам курчутуп жаткан мезгилге туура келүүдө.

Дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын ортосундагы формалдуу сүйлөшүү Германиянын түндүк кыйырындагы Хаилендамм курортунда бүгүн башталды. Үч күндүк жыйында сегиз өлкөнүн лидерлери көптөгөн өз ара талаш маселелерди ортого салышмакчы. Анын ичинде Жердин абасын ысыткан булганч газдын көлөмүн азайтууга Ваштингтондун каршы болуп келатканы, Ирандын ядролук программасы жана Сербиянын Косово провинциясынын келечеги сыяктуу маселелер бар.

Бирок АКШнын Полшада жана Чех жумуриятында анти-ракеталык радардын элементтерин орнотуу пландарына Орусиянын каршы чыгышы жараткан таймаш саммиттин ишин татаалдаштырышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Саммиттин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин Вашингтон бул планын ишке ашырса, Москва ракеталарын Европаны мээлеп жайгаштыра тургандыгын эскерткен.

Самиттин убагында кабарчылар менен жолукканда АКШнын президенти Орусиянын көңүлүн жумшартууга аракеттенди:

- Мен кансыз согуш бүттү деп эсептээримди, Орусия АКШнын душманы эмес экендигин, чогуу жасай турган иштер көп экендигин Орусия жана орустар билип коюштары маанилүү. Мисалы Иран же ядролук куралды таркатпоо сыяктуу тармактарда биз конструктивдүү кызматташа алабыз.

Арийне Германиянын алдында Чех жумуриятында болгондо Буш Орусияны "демократиядан" тайды деп катуу сынга алган эле. Эки лидер эми бүгүн көзмө көз жолугушууда. Бирок соңку кайым айтышуулар пайда кылган чыңалууга карабастан, экөө талаштарын кийинкиге калтырат деп күтүлүүдө анткени Орусия менен АКШнын саммити келерки айга белгиленген. Ошондо өнүккөн өнөр жайлуу өлкөлөрдүн самитинин күн тартибиндеги эң көйгөйлүү маселелерге - климаттын өзгөрүшүнө жана Африкага жардам көрсөтүүгө жетиштүү көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG