Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:00

К. БАЙБОСУН: АКШнын АСКЕРЛЕРИН КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЫГАРГАНГА РОССИЯ МЕНЕН КЫТАЙ КЫЗЫКДАР


Германияда кубаттуу сегиз өлкөнүн мамлекет башчыларынын бийик деңгээлдеги жолугушуулары өтүүдө. Бул жолугушуу Россия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиле курчуган мүнөзгө өтуп баратканда болуп жатат. Ушундай геосаясий кызыкчылыктардын кагылышы Борбор Азиядагы кырдаалга, асыресе Россия менен да, АКШ менен да туруктуу мамиледе келаткан Кыргызстандагы кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн. Мына ушундай суроолор менен кабарчыбыз белгилүү саясат таанучу Карыбек Байбосунду кепке тартты.

- Ушул геосаясаттын толкуну каякты көздөй түрүлүп баратат деп ойлойсуз?

- Дүйнөлүк саясаттын чыңалган көрүнүшү болуп жарыша куралдануунун жаңы этабы болуп жатат. АКШ президенти Жорж Буш менен Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блер Россия президенти Путинди жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырып, ракета тоскучтарды Иран менен Түндүк Кореянын ракеталарынан коргонуу максатында Польша менен Чехига жайгаштырып жатабыз, бул жерде Россияга каршы эч нерсе жок деп, алдооч баштыкка салалы деп аракет кылып жаткан өңдүү. Буга кыйды Путин көнбөй жатат окшойт.

-Кубаттуу өлкөлөрдүн ортосундагы атаандаштык Кыргызстандагы кырдаалга дагы түздөн түз таасирин тийгизип жатат. АКШнын аскер базасын өлкөдөн чыгарууну талап кылган акциялар өтүүдө. Жакындан бери Кыргызстан Россия менен бир конфедерацияга биригиши керек деген чакырыктар жаңырууда. Сиздин оюңузча, геосаясаттагы кызыкчылыктардын кагылышы Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалга жана келечегине кандай таасир этиши мүмкүн?

- АКШнын аскер базасын чыгарганга Россия менен Кытай кызыкдар болуп, биздин мамлекет жетекчилерине жана саясий партиялардын колтугуна суу бүркүп жатат. Эми алардын кылган иштерин жөн эле четке кагып, Шанхай уюмунун кысымы астында америкалык аскер базасын чыгарып жибергенге бизге укуктук, саясий жана дипломатиялык, моралдык дагы жагдай жок. АКШнын жана Европанын бириккен аскер күчтөрүнүн бизде туруп турганы биз үчүн жакшы эле болуп жатат. Биз үчүн келечекте чоң-чоң инвестицияларга да жол ача турган, Кытайдын жылма агрессиясын токтото турган, Россиянын түбү жок, тынчы жок саясатын тизгиндей турган күч ушул. Бирок Россия да бизге керек. Ошол эле Американын шахмат оюнун четке кагып, ошол эле Кытайдын тымызын оюндарына каршы тура турган бул Россия болуп эсептелет. Көрдүнүзбү, ушул үч державанын саясий оюндары Кыргызстандын аймагында болуп жатканы бир чети биз үчүн кооптуу сезилсе, экинчи жагынан өлкөбүз үчүн коопсуздуктун кепилдиги болуп эсептелет.

Маектешкен Кубат Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG