Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

ДҮЙНӨ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ АБА ЫРАЙЫН ОҢДОО БОЮНЧА МАКУЛДАШТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Алманиянын Хайлигендамм шаарында өтүп жаткан дйнөлүк саммитиин биринчи күнүндө экономикалык маселелер талкууланды жана атайын декларация кабыл алынды. Андан тышкары дүйнө жетекчилери аба ырайынын ысып баратканына каршы чара көрүү тууралуу дагы макулдашты.

Кабыл алынган декларация "Экономикалык өсүш жана жоопкерчилик" деп аталат, анда дүйнөлүк экономикалык өнүгүү менен коопсуздук, каржылоо тармагындагы коопсуздук менен ачыктык, инвестиялар үчүн керектүү эркиндик менен ага талаптуу шарттар жана социалдык жоопкерчилик тууралуу айтылат.

Аны менен катар эң өнүккөн сегиз мамлекеттин жетекчилери аба ырайынын ысып баратканына каршы чара көрүү жөнүндө дагы макулдашты. "Аба ырайы боюнча Европа Биримдиги кабыл алган резолюция менен баары макул болду жана бул - өтө зор жетшкендик. Бул чечим - эң жогорку максаттарды көздөбөсө, эч жыйынтык чыкпай турганын дагы көрсөттү", - деп билдирди жыйындан кийин немис канцлери Ангела Меркел.

Европа Биримдиги мурда атайын резолюция кабыл алып, атмосферага чыгарылган калдык газдардын көлөмүн 2050-жылга чейин эки эсеге кыскартуу тууралуу макулдашкан. 1997-жылдын декабрында Жапониянын Киото шаарында кабыл алынган протокол боюнча, 2012-жылга чейин андай калдыктардын көлөмү 1990-жылдагы менен салыштырганда 5,2 пайызга азайтылыш керек болчу. Бирок Кытай жана Индия сыяктуу мамлекеттер өзүнө эч милдеттенме алган эмес.

АКШ ал протоколго алгач кол койгон, бирок кийин келишимден чыгып кеткен. Президент Жорж Буштун айтымында болсо, абалды оңдош үчүн сөзсүз Кытай менен Индия дагы аракет көрүш керек: "Бул ишке Кытай менен Индия кошулмайынча, калдык газдардын көлөмүн кескин кыскартуу мүмкүн эмес. Биз болсо - Индия менен Кытайды бул ишке кантип кошуш керек деген жана маселени кантип чечиш керек деген башка мамлекеттер ортосундагы көпүрө боло алабыз", - деди Буш Хайлигендаммдагы саммитте 7-июнда.

Окумуштуулардын пикиринде, жер жүзүндөгү температура өндүрүштөн чыккан калдык газдардын айынан көтөрүлүп баратат, анткени алар планета бетин каптап, күнөскана таасирин пайда кылууда. Акыркы 10 миң жылдын ичинде Жердеги орто жылдык температура 15 градус болуп келген, XIX-кылымдын орто ченинен тартып өндүрүш эбегейсиз өнүгө баштагандандыктан, ал орто температура 0,8 градуска өйдөлөдү. Натыйжада мөңгүлөр эрип, океандагы суунун деңгээли көтөрүлө баштады жана мындай абал уланса, 2100-жылга чейин орто температура дагы 6,4 градуска көтөрүлүшү мүмкүн. Андай болгондо Жер шарындагы адамзат жок болуп кетиши да мүмкүн.

Бириккен Улуттардын эксперттеринин айтымында, адамзатты сактап калуу үчүн температураны дагы эки градустан ашык көтөрүлтпөш керек жана ал максат менен калдык газдардын көлөмүн кыскартуу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Эң өнүккөн мамлекеттер болсо өздөрүнө андан да жогору милдеттенме алып, өз аймагынан чыккан калдык газдарынын көлөмүн 80 пайызга кыскартканы жакшы.

XS
SM
MD
LG