Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

АНТИРАКЕТАЛЫК СИСТЕМАЛАР БОЮНЧА ТАЛКУУДАГЫ БУРУЛУШ


Нарын АЙЫП, Прага Алманиянын Хайлигендамм шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк саммит учурунда АКШ жана Орусия президенттери 7-июнда эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Ракетадан коргонуу маселеси боюнча орус президенти күтүүсүз сунуш жасады жана америкалык президент ал маселе боюнча кеңири талкуу керек деп жооп берди.

Чехия менен Польша аймагына ракетадан коргонуу боюнча америкалык системанын бөлүктөрүн орнотуу пландарына Маскөө катуу каршы чыгып келген жана аны менен дүйнөдөгү стратегиялык аскерий тең салмак бузулушу мүмкүн деп Вашингтонду күнөөлөгөн. АКШ жетекчилиги болсо ал система Орусияга каршы багытталган эмес жана Европаны ракетадан коргоо ишине Маскөө өзү дагы кошулса жакшы болмок деп жооп берчү.

Алманиянын Хайлигендамм курортунда 6-8-июнда өтүп жаткан дүйнөлүк саммит учурунда 7-июнда АКШ жана Орусия президенттери Жорж Буш менен Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөргөндө орус президенти күтүүсүз сунуш жасады жана америкалык президент ага дароо жооп бербестен, даңы кеңири талкуу өткөрөлү деген сунуш киргизди.

Путиндин айтымында, Чехия жана Польшада жаңы радар менен антиракеталык ракеталарды орноткондун ордуна Азербайжандын аймагындагы даяр станцияны пайдаланса болот: "Кошмо штаттарынын сунушун биз жакшылап карап чыктык. Биздин өзүбүздө да идеялар бар жана мен аларды айтып бердим. Биздин биринчи сунушубуз - Азербайжандын аймагындагы Габала деген радар станциясын Орусия ижарага алып иштейт, ошону пайдаланса болот. Азербайжан президенти менен мен кечээ күнү сүйлөштүм, Бакы менен түзүлгөн азыркы келишим андай кызматташууга жол берет. Азербайжан президенти - эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга салым кошуу Азербайжан үчүн чоң сыймык болот деп айтты", - деди Путин 7-июнда Буш менен жолуккандан кийин.

Америкалык президенттин айтымында, бул маселени кеңири талкуулап, ал талкууга ар башка адистерди тартуу керек: "Биздин жолугушуубуздун жыйынтыгында эки тарап тең - бул маселе боюнча стратегиялык талкуу керек экени жөнүндө макулдаштык. Биздин мамлекеттик катчылык, коргоо министрлиги, ар башка аскерий эксперттерге өз ой-пикирлерин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берели. Бир нече орчундуу стратегиялык талкуу өткөрүш керек. Маселе өтө орчундуу жана эки тарап тең - башка тараптын турумун толук түшүнгөнгө жетиш керек. Ал талкуунун найтыжасында, мен ойлойм, бул ишке катыштырылган бардык технологиялар менен чогуу иштөө мүмкүнчүлүктөрү жакшы түшүнүлүүгө тийиш", - деди Буш.

Орусиядагы Эл аралык коопсуздук маселелери боюнча борбордун жетекчиси Алексей Арбатовдун пикиринде, Путиндин сунушу өтө туура болду, анткени Габала станциясы Түркиядан Пакистанга чейинки аймактын баарын көзөмөлгө ала алат жана Европаны ракетадан коргоо үчүн аны менен Чехия же Польшада жаңы системаларды куруунун кажети жок болуп чыгат.

Азербайжандын мурдагы президенти Гейдар Алиевдин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Вафа Кулизаденин айтымында болсо, Путин - америкалык тарап баары бир макул болбой турган сунуш жасады, анткени Азербайжандагы радарды пайдалануу Вашингтондун кызыкчылыгында эмес.

XS
SM
MD
LG