АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер кечээ - 7-июнда Алматадан Бишкекке келген. Ал дароо келээри менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда конституциялык реформаны алга жылдыруу, сот системасынын көз карандысыздыгына жетишүү, сөз эркиндиги жана билим берүү проблемалары тууралуу сөз болду.
Бүгүн түшкө чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эдан Карабаев менен болгон сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды. Р.Баучер Кыргызстан Манас аба майданын АКШ баш болгон антитеррордук коалицияга ижарага берүү менен террорго каршы күрөшкө маанилүү салым кошуп жатканын белгилеп, ижара үчүн бюджетке 17 миллион доллардан ашуун сумма өз убагында төлөнүп жатканын кошумчалады.
Баучер эртең Борбор Азиядагы Америка университетинде сөз сүйлөйт. Ал Кыргызстанда 11-июнга дейре болуп, сапарынын акыркы күнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары менен да жолугушуусу белгиленүүдө.