Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:51

ЧЕТ ЭЛДИК АСКЕР БАЗАЛАРЫ УЛУТТУК КЫЗЫКЧЫЛЫККА ЖООП БЕРЕБИ?


Кубат Чекиров, Бишкек. Бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар эксперттик топ уюштуруп, америкалык жана орус аскер базаларынын Кыргызстанда турушу улуттук кызыкчылыкка канчалык жооп берерин иликтеп чыккан жатат. Иликтөөнүн натыйжасында аскер базаларынын келечек тагдырына байланыштуу бирдиктүү сунуштар иштелип чыгып, Кыргызстандын жана Россия менен АКШнын мамлекет башчыларына жөнөтүлмөкчү.

Бир нече саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 7-июнда Бишкекте тегерек үстөлгө чогулуп кеңеш куруп, чет өлкөлүк базалардын Кыргызстанда турушу канчалык максатка ылайыктуу деген суроонун айланасында пикир алышты. Кызыл чеке талаш-тартыштан кийин бул маселени атайын адистердин элегинен өткөрүп, натыйжада улуттук кызыкчылыкка шайкеш келген талаптарды иштеп чыгып, анын аткарылышын мамлекеттик жетекчилерден талап кылуу жөнүндө бирдиктүү чечимге келишти. Бул жыйынды уюштурууга демилгечи болгон Кыргызстан аялдары партиясынын аткаруу комитетинин төрайымы Чынар Сейдакматованын айтымында, чет өлкөлүк аскер базаларынын Кыргызстанда турушу башка өлкөлөрдүн геосаясий кызыкчылыгынан эмес эң оболу улуттук кызыкчылыктан келип чыгыш керек.

Соңку учурда өлкөнүн эң чоң Манас аба майданында жайгашкан АКШнын аскер базасын чыгаруу жөнүндө бир катар саясий партиялардын демилгеси менен уюштурулган каршылык акциялары өтө баштады. "Янкилер кетсин!" деген уран жаңырган мындай иш чаралар АКШнын элчилигинин, Америка университетинин алдында болуп өттү. Америкалык аскерлердин кылгын кылмыштары үчүн жоопко тартылбай жатышы, аскер базасы төлөгөн акчаларды бийликтеги коррупционерлердин уурдап жеп коюп жатышы акыры эл ичинде ушундай нааразылыкты пайда кылууда. Ошол эле учурда бир катар партиялар жалгыз эле АКШнын аскер базасына каршы чыкпай, анда орустардын аскер базасын дагы чыгаруу жөнүндө маселе коюу керек деп экинчи жактан чыгышты. Ошентип азыр коомчулукта чет элдик аскер базаларынын тагдыры кызуу талаш-тартыштуу маселеге айланууда.

-Кыргыздар өздөрү тынчтыкты каалаган пацифист эл, эч ким менен жоолашпайт, катылгандын катыгын берип келген. Ошондуктан, биз нейтралитет кармап, кыргыз жерине эч кандай чет элдик аскер базаларын тургузбасак болот эле, - дейт Кыргызстан аялдары партиясынын аткаруу комитетинин төрайымы Чынар Сейдакматова.

Ошол эле учурда Ооганстанда эл аралык терроризм кайра башын көтөрүп, диний-экстремисттик уюмдар, мыйзамсыз баңги соодасы коркунуч туудуруп жатканда чет өлкөлүк аскер базаларын өз аймагына киргизгени Кыргызстан үчүн туура чечим болгон деген көз караштар да айтылууда.

- Кытайдын жылма агрессиясын токтото турган, Россиянын түбү жок, тынчы жок саясатын тизгиндей турган күч ушул Америка Кошмо Штаттары. Бирок Россия да бизге керек. Ошол эле Американын шахмат оюнун четке кагып, ошол эле Кытайдын тымызын оюндарына каршы тура турган бул Россия болуп эсептелет. Көрдүнүзбү, ушул үч державанын саясий оюндары Кыргызстандын аймагында болуп жатканы бир чети биз үчүн кооптуу сезилсе, экинчи жагынан өлкөбүз үчүн коопсуздуктун кепилдиги болуп эсептелет,- дейт белгилүү саясат таанучу Карыбек Байбосун.

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс ушул жуманын башында Кыргызстанда болуп кайтты. Эки күндөн бери АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн арасында дал ушул АКШнын аскердик базасынын тагдыры маанилүү маселе болуп каралууда. Кыргыз парламентинин төрт комитети бир катар талкууларды жүргүзгөндөн кийин америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу жөнүндө маселени парламенттин кароосуна сунуштоо керек деген бүтүмгө келишкен. Ошол эле учурда өкмөт өкүлдөрү президенттин тапшырмасы боюнча атайын комиссия америкалык аскер базасы боюна иликтөө жүргүзүп жаткандыгын белгилеп, ошол комиссиянын тыянагын күтө турууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG