Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

8-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1921-жылдын бу күнү кыргыз кедей-кембагалдарынын башын бириктирген «Кошчу» уюму уюшулган. 1930-жылдын бу күнү Кыргыз областык VI партиялык конференциясы ишин баштады.

Пишпек айылчарба коомунун төрагасы Михаил Воскресенский 1919-жылдын бу күнү шаарда айылчарба көргөзмөсү ачыла тургандыгын кабарлады. Ал, Пишпек шаарынын жана анын айланасындагы айыл-кыштактардын жер иштетүү ыкмасын «Батыш Европа менен Түндүк Американын алдыңкы калктарынын деңгээлине жеткирүү» туурасында ураан таштады. Ал үчүн Жер энени курулай кактагандын ордуна, аны азыктандыруу зарылчылыгы белгиленди.

Кыргыз кедей-кембагалдарынын башын бириктирген «Кошчу» уюму 1921-жылдын 8-июнь күнү уюшулган. «Кошчу» уюму жаңы түзүлүштү курууда жана бай, манаптар менен күрөшүүдө большевиктердин таянычы болуп берген. Бу окуяга байланыштуу борбор шаардын негизги көчөлөрүнүн бири эсептелген «Уездная»-«Кошчийная» болуп өзгөртүлгөн. Бирок «Кошчу» уюму 20-жж. соңунда таратылгандыгына байланыштуу «Кошчу» аталышы өзүнөн-өзү унутулуп, ал көчө 1934-жылы Киров ысмын алганга чейин «Кощейная» аталып келди.

«Кошчу» уюмунун 5 жылдык уюшулуш салтанаты 1925-жылдын 8-июнь күнү белгиленди. Салтанатка катышкандар Кыргызстандагы социалисттик бийликтин орношуна, коммунисттик идеалдардын жайылышына жана теңчил заман куруудагы «Кошчу» союзунун салымын жогору баалашты. Мындан тышкаары, бу күнгө утурлай «Кошчунун» катары 1045 аял менен толукталды.

Кыргыз областык VI партиялык конференциясы 1930-жылдын бу күнү ишин баштады. Конференцияда Борбордук комитеттин жана Орто Азия ВКП(б)-Борбордук комитетинин доклады, обком партиянын, ревизиялык комиссиянын отчеттору угулуп, обкомдун жана ревизиялык комиссиянын курамы бекитилди.

1934-жылдын 8-июну Кыргызстан аба транспорту үчүн маанилүү даталардын бири эсептелинет. Ушул күндүн таңында ПО-2 самолету Фрунзеден Нарынга багыт алган. Учкучтар бийик тоолуу Нарынга жетиш үчүн Балыкчы аркылуу кеткен аба жолун тандашып, максималдуу 625 км бийиктикке көтөрүлүп Нарынга ийгиликтүү конушкан. Учкучтар Кыргыз обкомуна «Фрунзе-Нарын аба жолу ачылды» деп рапорт беришкен. Ошентип, тоолуу аймакты борбор менен байланыштырган аба жолу ишке киргизилип, тоолу районго медициналык жардам көрсөтүү, илим-билим жана маданий багыттагы байланыштар ыкчамдаган.

8-сентябрь журналисттер биримдигинин Эларалык күнү.

Бу күнү, 1940-жылы химиялык таблицанын 93-элементи-нептуний ачылган, 1810-жылы немец композитору Роберт Шуман, 1839-жылы америкалык ишкер Жон Рокфеллер жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG