Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

ПАРТИЯЛАР ПАРАДЫ: ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК ЭМИТЕН ЭЛЕ БАШТАЛУУДА


Кыргызстанда катталган саясий партиялардын катары үчөөсү кем жүзгө жетип калды. Ишке жарамдуу калкынын кыйласы чет жерде иштеп, экономикалык оорчулуктан башы чыкпай келаткан өлкөдөгү чоң-кичине партиялардын коомдук орду эмки парламенттик шайлоодо аныкталмакчы. Койгон максат-милдеттери коендой окшош партиялар ушу тапта аз-аздан биригүүнүн жолдорун издөөдө.

“Эркиндик” партиясы 7 жашка чыкканын белгилеп, саясий мектептин шагдам окуучусуна айлана баштаганын салтанатка куттук айтып келген өнөктөштөрүнүн текши баары бирооздон ырасташты. “Кыргызстан аялдары” партиясынын жетекчиси Айнуру Алтыбаева каттоодон өткөн саясий партиялардын саны жүзгө жетип калганын маалымдап, чоң сыноолор алдыда экенине басым жасады.

- 100 партия түзүлгөн, каттоодон өткөн. Бирок кээ бир партиялар, мисалы, “Алга, Кыргызстан” бир түзүлдү, анан ошол боюнча эле жок болуп кетти.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясий партиялардын көбү биригип, максат-милдеттерин аныктап, тактап алары турулуу иш. Андай иш-аракет эмитен эле жасала баштаганын “Эркиндик” партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев жарнакташтарына жарыя кылды.

- Биздин жакынкы максаттарыбыздын бири мындай. Кыргызстанга 97 партиянын кажаты жок. Оңчул, орточул жана солчул деп эң чоң үч-төрт партия түзүлсө деген тилегибиз бар. Оңчул партиялардын ичинен биз бир катарлары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биригүүнүн эки-үч түрү бар: блок түзүү, анда ар бир партия өз алдынча калып калат. Бирок ал болбойт. Биз канатташ, санаалаш партиялар менен бир эле партияга биригүүгө умтулабыз. Ушул тарапта да биз иш жүргүзүп жатабз. Мүмкүн, күздө жарыялайбыз.

Анткен менен, жүздү этектеп калган саясий партиялардын ичара биригүүсү кандай негизде, кайсы саясий багытка ыктары азырынча белгисиз. Ошол себептүүбү, саясий партиялар парламентинин башчысы, “Эл ынтымагы” партиясынын жетекчиси Роза Акназарова жалаң эле саясий маселелер менен алектенбей, өлкөнүн экономикалык кубатын кантип көтөрүүгө көңүл бурулса дурус болор эле, деген оюн ортого салды.

- Жаңы Конституциянын негизинде саясий партияларга көп шарттар түзүлдү, мүмкүнчүлүк түзүлдү. Саясий партиялардын бекем таканчык таап турушуна бүгүнкү күндө көп иштер жасалууда. Мен каалап кетер элем, “Эркиндик” партиясы жалаң эле саясий реформалар эмес, экономикалык, социалдык жагынан реформаларга көбүрөөк катышса.

Акыйкатта да, карааны калдайган саясий партиялардын биртобу кайсыл бир аймактын, болбосо башкалаанын чегинен ары чыкпай, аты-жөнү белгисиз бойдон калып жатканы жашыруун эмес. Өңгөсүнөн да мурдагы бийлик тушунда демдүү чыккан биртоп саясий партиялардын ушу тапта аты угулбай, алардын ордун азыркы Акүйгө ык тарткан саясий күчтөр ээлеп алганы деле көпчүлүккө дайын.

Жалпы республикалык “Эркиндик” партиясынын мүчөлөрү канча экени 7 жылдык мааракеде жарыя айтылган жок. Андайларга жооп кылып партия мүчөсү Абдулла Жусупов “эркиндикчилер” өлкөнүн бардык булуң-бурчунан арбын жолугарын айтты.

- Кызыккандар болсо Кыргызстанды айланып - тегеренип, Көлгө барып, Нарынга барып, Таласка барып эсептеп алсын.

“Эркиндик” партиясынын тою жалаң эле куттуктоо, мактоолорго тунбай, ыр-күлкү, тамаша менен коштолду. Салтанаттын алып баруучусу белгилүү ырчы, обончу, куудул Майрамбек Осмонов экс-президент А.Акаевдин атынан момундай тамаша ыргытты.

- “Жанагы “О”дон башталган, “К”дан башталган, “Д”дан башталган акмактардын тилине кирип, сени мен каматып алганым үчүн кечирим сурайм”, деп коюптур бул жерде.

Ошентип, Кыргызстандагы кабелтең партиялар алдыдагы саясий өнөктүктөргө эмитен даярдык көрүүгө киришти.

XS
SM
MD
LG