Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

РИЧАРД БАУЧЕР БИШКЕКТЕ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ ӨТКӨРДҮ


Эдил Сапарбек уулу, Бишкек АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер бүгүн президент К. Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу маалында кыргыз-америка кызматташтыгынын келечеги, Манас аба майданындагы коалициялык күчтөрдүн авиабазасынын мааниси, Кыргызстандагы саясий абал жана конституциялык реформанын тагдыры талкууланды.

Ричард Баучер президент К.Бакиев менен жолугушуусунда Кыргызстан менен Кошмо Штаттары ар түрдүү тармактарда кызматташып келатканын айтты.

- Биз Борбор Азияда Кыргызстан кандай роль ойной турганын жакшы билебиз, аны баалайбыз. Биздин максат – сиздердин эркиндикти чыңдоо, сиздердин мамлекетке берилип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана тандап алуу эркиндигин кеңейтүү, - деди Баучер.

Андан аркы сөзүндө Баучер Кыргызстандын өнүгүшү үчүн Кошмо Штаттары көп иштерди жасап жатканын белгиледи. Мындан дагы көп нерсе жасоо үчүн эмне кылуу керек деген маселе дайыма кабыргасынан коюлуп келатканын да кошумчалады ал. Андан сон Курманбек Бакиев Баучердин берген бааамына ыраазылыгын билдирип, кызматаштык жана сүйлөшүүлөр дагы болуп тураарын айтты.

- Мен чындап эле, эки тарап үчүн пайдалуу кызматаштык жүргүзүп жатабыз деп айталам жана биз талкуулап чечүүчү бир топ маселелер бар, - деди Курманбек Бакиев.

Кыргызстанга Ричард Баучердин келиши жана бул жерде азыр АКШнын жана Орусиянын аскер базаларынын жайгашуусуна жана мындай учурда Кыргызстандын эмне кылышы керектиги тууралуу белгилүү саясатчы Өмүрбек Абдырахманов “Азаттыкка” мындай деди:

- Азыр Орусия нефтиден түшкөн акчалары көбөйгөн сайын ракеталарын жасап кошуналарын коркутуп үркүтүп баштаган кези. АКШга да каршы көп иштерди жүргүзө баштады. Кыргызстанда АКШнын да, Орусиянын да аба базалары жайгашкандыктан, экөө ушул жерден жолугушууга мажбур. Ал эми Кыргызстан эки мамлекет менен тең жакшы болсо утат деп ойлойм, - деди Өмүрбек Абдырахманов.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы бүгүн түшкө жуук Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Баучер Алматадан Бишкекке 7-июнда келген. Ал дароо келээри менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда конституциялык реформаны алга жылдыруу, сот системасынын көз карандысыздыгына жетишүү, сөз эркиндиги жана билим берүү проблемалары тууралуу сөз болду.

Бүгүн түшкө чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен болгон сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды. Р.Баучер Кыргызстан Манас аба майданын АКШ баш болгон антитеррордук коалицияга ижарага берүү менен террорго каршы күрөшкө маанилүү салым кошуп жатканын белгилеп, ижара үчүн бюджетке 17 миллион доллардан ашуун сумма өз убагында төлөнүп жатканын кошумчалады.

- Министр Эднан Карабаев Кыргызстан мындан ары да эл аралык стабилдүүлүктүн сакталышына багытталган тынчтык демилгелерин колдой турганын билдирди. Ричард Баучер мырза АКШ Кыргызстан менен болгон кызматташуусун өнүктүрүүгө жана өлкөдө ошондой эле жалпы региондо стабилдүүлүктүн болушуна кызыкдар экенин маалымдады. Ал ошону менен бирге Кыргызстандын эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө кошкон салымын жогору баалап өттү. А тышкы иштер министри АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы күн тартибинде турган бардык маселелерди кыска мөөнөттө жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи, - деди тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Азиза Турдуева.

Баучер эртең Борбор Азиядагы Америка университетинде сөз сүйлөйт. Ал Кыргызстанда 11-июнга дейре болуп, сапарынын акыркы күнүндө Жогорку Кеңештин депутаттары менен да жолугушуусу белгиленүүдө.

 

XS
SM
MD
LG