Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

G8: АФРИКА 60 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ЖАРДАМ АЛАТ


Германияда “чоң сегиздин” саммити аяктады. Жыйындын акыркы күнү Африкага жардам көрсөтүүнүн жаңы программасы жактырылды. Иранга жана Суданга байланыштуу билдирүү кабыл алынды, Косово проблемасы боюнча тараптар орток пикир таба алышкан жок. Форумдун катышуучулары ыкчам өнүгүп жаткан беш өлкөнүн – Кытайдын, Индиянын, Бразилиянын,Мексиканын жана Түштүк Африка республикасынын жетекчилери менен да жолугушту.

Африкага арналган жаңы программа континентте кеңири таралган СПИД, безгек, кургак учук өңдүү апааттуу ооруларга каршы күрөшкө 60 миллиард доллар каражат ажыратууну карайт. Бул сумманын жарымын АКШ бөлөт,калган сумманы жети өлкө жарнакташып чыгарат. Программаны эки аптада мурда АКШ президенти Жорж Буш сунуш кылган эле. Документти сүрөөнгө алганы Хайлигендаммга африкалык алты өлкөнүн лидерлери келишкен эле. Сүйлөшүүлөргө алар катышты. Немец канцлери Ангела Меркел үзүрлүү, маанилүү талкуу болгонун белгилеп, ”чоң сегиздин” өлкөлөрү өз жоопкерчилигин жакшы билерин жана милдеттенмелерин толук аткарарын баса көрсөттү.

Эл аралык бир катар гуманитардык уюмдар “чоң сегизди” 2005-жылы Шотландиянын Глениглс шаарында өткөн саммитте африкалыктарга берген убадасын унутту деп сынга алышкан эле. Хайлигендаммда макулдашылган программаны алар кубаттоо менен кабыл алышты. Гананын президенти Жон Куфуор африкалыктар каражаттын баарын максаттуу пайдалана турганын, бу жагын катуу көзөмөлгө алуу үчүн атайын структура түзүлөрүн билдирди.

Документте белгиленгендей, дүйнөдө жыл сайын СПИДден алты миллиондой адам өлөт,алардын 60 проценти Африканын үлүшүнө туура келет. Безгек жылына бир миллион, кургак учук күн сайын бир миң кишини жалмап турат.

Хайлигендаммда саммит аяктар алдында “сегиздиктин” лидерлери ыкчам өнүгүп жаткан беш өлкөнүн - Кытай,Индия,Бразилия,Мексика жана Түштүк Африка республикасынын жетекчилери менен жолугушту. Алар да мындан ары “бештиктин” ийрими иретинде жыл сайын өздөрүнчө жыйынга чогулуп турууну чечишти. Берлинде кечээ өткөн жолугушууда Кытай менен Индия климаттын ысышын алдын-алуу жагынан өздөрүнө чоң милдеттерди алгысы келбей турганын айтышты. Өнүгүп жаткан өлкөлөр бу проблемада кызматташтыктан баш тартышпайт,бирок жоопкерчиликтин чоң жүгүн биринчи кезекте индустриалдык жактан өнүккөн мамлекеттер өздөрүнө алышы керек деп эсептешет.

Бул беш өлкөнүн “чоң сегиздин” клубуна кошулуу мүмкүндүгү тууралуу ойлорду Меркел корутунду маалымат жыйынында колдогон жок.

Саммитте француз президенти Николя Саркози ырастагандай, Косово проблемасында тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Косового эгемендик берилишине Россия мурдагыдай эле катуу каршы болууда.

“Чоң сегиздин” лидерлери саммиттин соңунда кабыл алган билдирүүдө уран байытуу ишин токтотууну талап кылган Улуттар Уюмунун шартын Иран аткарбаса,Тегеранга каршы көрүлө турган мындан аркы чараларды колдой тургандыгын эскертишти. Дарфур провинциясына эл аралык бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга тоскоол болуп жаткан Судан өкмөтүнө да ушундай эскертүү айтылды.

XS
SM
MD
LG