Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

ЖОРЖ БУШ: АЛБАНИЯ АКШнын ИШЕНИМДҮҮ ДОСУ


АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Албанияга келди. Ал жерде америкалык президент өлкөнүн жетекчилиги, ошондой эле Хорватия жана Македониянын премьер-министрлери менен жолугушмакчы. Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл коңшулаш Косового бурулмакчы. Ал жерде албандар Сербиядан көз-карандысыздык алууга аракет кылышууда.

Бушту Албанияда аябай жылуу кабыл алышты. Тирананын көчөлөрүндө “Президент Буш, Албанияга кош келиңиз!”, “Биз өнөктөш экенибиз үчүн өтө сыймыктанабыз!” деген өңдүү чоң жазуулар илинип турду. Буш үчүн мындай жылуу маанай аябай керек болуп турган. Анткени, буга чейин Чоң сегиздиктин саммити алкагында Италия менен Германия, президент Бушту антиглобалисттердин массалык демонстрациялары менен тосуп алган эле.

Иши кылып, албандар “америкалык президент Косовонун көз-карандысыздыгын колдойт” деген үмүттө. Буш болсо сүйлөшүүлөр соңунда өткөн маалымат жыйынында айткандай, “Косовону НАТОнун мүчөсү катары көрүүнү каалайт, бирок Тирана алгач реформаларды аткарышы керек”. Буш, ошондой эле, Косовонун статусу боюнча Улуттар уюму сунуш кылып жаткан вариантты колдой турганын айтты. Белгилүү болгондой, Улуттар уюмунун сунушу Косового көз-карандысыздыкты берүүнү сунуш кылат, бирок буга Орусия кескин каршы чыгууда.

Буш Албанияда бир нече саатка гана токтойт. Бул жолу ал өлкөнүн президенти Альфред Моисиу жана премьер-министр Сали Бериша менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мындан сырткары, Жорж Буш Ооганстанда жана Иракта кызмат өтөгөн албан аскерлери менен да көрүшө турганы айтылууда. Бүгүн Албанияга келип, Буш бул өлкөнү “АКШнын ишенимдүү досу, күчтүү союздашы”, деп атады.

XS
SM
MD
LG