Орусия АКШга жасаган сунуштун башкы проблемасы катары Азербайжан Иранга өтө эле жакын жайгашканы айтылууда. Америкалык жана айрым орусиялык аскерий эксперттер билдиришкендей, эгерде тараптар чын эле Азербайжандагы радар системасын колдонууга алышса, анда Ирандан учурулушу мүмкүн болгон ракетаны Азербайжандан атып түшүрүүгө мүмкүн эмес. Андай болсо эмне үчүн Путин радар системасын Чехияда жана Польшада орнотууга каршы болуп, Азербайжанды сунуштап жатат?
- Албетте, Азербайжандан же анын жанынан туруп, Ирандан атылган ракетаны жерде орношуучу ракеталар уруп түшүрө алышпайт. Бул үчүн бизге башкача типтеги курал керек. Бирок мен сүйлөшкөн айрым орусиялык аскерий эксперттер мындай учурда THADD деген ракетаны, же Aegis системасын колдонууга болоорун айтышты, анткени алар жакын жерден ата алышат экен.
Александр Гольцтун айтымында, америкалык Aegis деген баллистикалык ракетадан коргонуу системасы ракеталарды жерден өтө бийик асманда эмес, жакыныраак жерден уруп түшүрүү үчүн колдонулат. Азыр алар америкалык согуш кемелеринде орнотулган. Aegis учактарды уруп түшүрүүгө жана баллистикалык ракеталарга каршы багытталат экен. “Бул деңизде жайгашуучу система болгондуктан, эгер чындап эле Азербайжандагы радар системасы колдонулуп калса, ал Каспийге орнотулушу мүмкүн”, - дейт аналитик.
- Aegis менен куралданган америкалык согуш кемелери үчүн Каспийде жайгашуу аябай ыңгайлуу болмок. Эгер биз чындап эле Азербайжан, Орусия жана АКШ ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөсөк, эмне үчүн муну колдонууга болбосун?, - деп суроо коет Гольц.
Иши кылып, азыр радар системасы тууралуу талкуу эми кандай нукта өнүгөөрүн божомолдоо татаал болуп турган чагы. Гольцтун ишениминде, мунун баары тараптардын “саясий гана каалоосуна жараша” болот.
- Биз бир нерсени даана түшүнүп алышыбыз керек: Американын ракетадан коргонуу боюнча демилгеси саясий гана маселе. Эч кандай реалдуу коркунуч да жок, эч кандай реалдуу жооп да жок. Бул болгону – саясий долбоор. Путиндин жообу да - саясий гана жооп. Ал өзү айтып жаткандан такыр башка нерселерди каалайт. Андыктан, радар тууралуу сунуш ишке киреби-жокпу – баары тараптардын саясий гана каалоосуна жараша болот.
Александр Гольц, ”Эгерде Буш Орусия менен дурус мамилени сактоону кааласа, Путиндин айтканына көнөт. Бирок, эгер ал Путиндин айтканына ынабаса, анда алдыда дагы узакка созула турган сүйлөшүүлөр болмокчу”,- деп ишенет.