Бул иштин эң талуу жери жөнүндө Польшанын ошол кездеги президенти Александр Квашневский баш болгон бир нече жетекчиси билген. Румынияда болсо Траян Басеску жана андан мурдагы президент Ион Ильеску баш болгон бир нече расмий өкүлдөр кабардар болгон. Еврошаркеттин буга чейин жасаган билдирүүлөрүн аталган эки өлкө тең жуутпай келген. Соңку баяндаманы да алар токтоосуз төгүндөгөнгө ашыкты. Румын сенатору Норика Николай, Мартинин баяндамасын имиш кептерге таянгана спекуляция катары сыпаттады.
Польшанын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шмайджински болсо Польшада жашыруун түрмөлөр жок, ал жөнүндөгү маалыматтар чылгый саясий калп жана өкүнүчтүүсү түрмөлөр жөнүндөгү маалыматты жоктон бар кылуу үчүн кызылдай акча коротулуп жатат, деп айтты.
Европанын айрым өлкөлөрүндө Американын жашыруун түрмөлөрү бар экенин 2006-жылы президент Жорж Буш мойнуна алган. Бирок, анын айтымында, ал түрмөлөр өз ишин эбак эле токтоткон.
Еврокеңештин өкүлү Дик Марти өз иликтөөлөрүндө АКШнын иликтөө агенттигинин кызматкерлеринин маалыматына таянган. Беймаалым калууну каалаган кызматкерлер түрмөлөрдөгү тергөө иштери 2003-жылы башталып, 2005-жылга чейин улантылганын баяндашкан. Марти өз баяндамасында ошондой эле Американын аскердик учактарынын жашыруун рейстери жана ал учактар жөнүндө кеп кылат. Божомолдо ал учактар менен террорист деп шектелген адамдар ташылган. Румыния менен Польшага андай жашыруун рейстердин 10 чактысы жасалып, бул эки өлкөнүн өкмөттөрү АКШга ар тараптуу колдоо көрсөткөн жана тергөө иштерине кийлигишпөөгө убада берген. Польшадагы түрмөдө 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркко жасалган террордук чабуул менен байланышы бар деп шектелген Абу Зубайдах, Халид Шейк Мухамед да кармалган.
Мындан бир жыл мурда Дик Марти Американын жашыруун түрмөлөрүндөгү тергөөлөргө Европанын 14 мамлекетинин байланышы бар экенин маалымдаган. Соңку баяндамасында ал Европадан Польша менен Румынияны эле атады. Андан сырткары жашыруун түрмөлөр Тайландда жана Инд океанынын Диего Гарсия деген аралында болгондугу айтылат.
Биз сөз кылып жаткан баяндамадан Европа өлкөлөрү кандай мыйзамдуу тыянак чыгараары белгисиз. Бирок, Еврокомиссиянын Юстиция комиссарлыгынын өкүлү Фризо Роскам Эббиң мындай деди:
- Биз Европа өлкөлөрүнөн чындыкты жана акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн терең жана бейтарап иликтөө жүргүзүүсүн талап кылабыз.