Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЕВРОПАЛЫК САПАРЫ АЯКТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президентинин бир апталык Европа сапары аяктады жана 11-июнда Жорж Буш Болгариядан Америкага кайтты. 5-июнда анын сапары Чехияга келүү менен башталган, андан соң Буш Алманиядагы дүйнөлүк саммитке катышты жана андан кийин Польша, Италия, Албания жана Болгарияда болду.

АКШ президенти Жорж Буштун бир аптага уланган европалык сапарынын биринчи жарымында өткөн талкуулар негизинен ракетадан коргонуу системасына арналса, анын экинчи жарымындагы сүйлөшүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Косово маселеси менен байланыштуу болду. Ишемби күнү Италияда жана андан соң жекшемби күнү Албанияда болгондо президент Буш - акыр-аягында Косового эгемендүүлүк берилет жана ал максатка жетүү үчүн Вашингтон бардык күчүн жумшайт деп билдирди.

11-июнда София шаарында Болгария жетекчилери менен жолукканда дагы Буш башкалардын арасында Косово маселесин дагы көтөрдү. Бул сөздөр өзгөчө Албанияда өтө жылуу кабыл алынды, анткени кошуна Косовонун негизги калкы - мусулман албандар. Бирок, Болгария президенти Георгий Парванов дагы бул маселе боюнча Вашингтондун турумун колдоду жана ал тууралуу Буш өзү айтты:

- Президент мага сунуш жасады. Ал ачык айткан нерселердин бири - Косового эгемендүүлүк берүү жолдорун издеш керек жана мен аны менен макулмун. Аны Сербияга дагы түшүндүрүш керек, алар андан пайда да таап, алдыга жылышы мүмкүн - НАТО боюнча, Европа Биримдиги боюнча жана, албетте, биз, Америка Кошмо Штаттары менен мамилесин жакшыртуу боюнча. Ахтисааринин планын алдыга жылдырууга мезгил жетти. Американын ишениминде, Косово эгемендүү болууга тийиш,- деди Буш София шаарында.

Косово боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү болуп дайындалган Финляндиянын мурдагы президенти Марти Ахтисааринин планы боюнча, Косового чектелүү эгемендүүлүк берүү мүмкүн. Ал тууралуу 11-май күнү Батыш мамлекеттери Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине жаңы резолюциянын долбоорун киргизген, бирок Маскөө ага вето сала турганы жөнүндө жарыялаган.

Дем алыш күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Экономикалык форум учурунда орус президенти Владимир Путин Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница менен жолугуп, башкалардын арасында Косово маселесин дагы талкуулады. Эки тараптын тең пикиринде, Сербиянын курамындагы Косово аймагына эгемендүүлүк берүү эл аралык принциптер менен келишимдерди бузат. Ошондуктан келерки апталарда Орусия менен Батыш ортосундагы тирешүү ушул маселе боюнча уланаары күтүлүүдө.

Антиракеталык системалар боюнча болсо АКШ жана Батыш мамлекеттери азыр Алманиядагы саммит учурунда орус президенти жасаган сунуш үстүндө ойлонуп жатат. Путиндин айтымында, Чехия менен Польшанын аймагында америкалык антиракеталык системанын бөлүктөрүн орноткондун ордуна андай жалпы коргонуу системасын түзүү үчүн Азербайжандагы Габала радар системасын колдонсо болот. Бирок, байкоочулардын пикиринде, Батыш жетекчилерине бул сунуш көп жаккан жок.

Рим шаарында Буш папа Бенедикт менен дагы жолукту, Софияда болсо - Ливияда өлүм жазасына кесилген болгар доктурларын бошотуш керек деп сүйлөдү. Америкалык президент келген мамлекеттердин көпчүлүгүндө антиамерикалык митинг-демонстранциялар да болуп өттү.

XS
SM
MD
LG