Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

ЗУРАБ НОГАИДЕЛИ: ГРУЗИЯ РЕВОЛЮЦИЯ ЭКСПОРТТОБОЙТ


Грузиянын премьер-министри Зураб Ногаидели кечээ ”Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде мейман болду. Жолугушуу учурунда ал өлкөдөгү реформалар, демократиялык процесстер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошентсе да суроо-жооптордо Грузиянын тышкы саясаты жана эл аралык мамилелери башкы темалардын бирине айланды.

Зураб Ногаидели, учурунда Шеварднадзенин өкмөтүндө финансы министри болуп иштеп, “роза” ыңкылабына жакын кызматтан алынган. Президент Михаил Саакашвили бийликке келген соң аны кайрадан өкмөткө чакырткан. 2005-жылы премьер Зураб Жвания күтүүсүз каза тапканда Ногаидели өкмөт башчылыгына дайындалган.

“Азаттыктын” баш кеңсесиндеги жолугушууда ал абхаз жана түштүк осетин жаңжалына кайрылып, бул проблемалар менен Косовонун эгемендик статусу жөнүндөгү маселенин ортосунда эч кандай окшоштук жоктугун бөлүп көрсөттү. Грузин-абхаз жана грузин-түштүкосетин жаңжалдары тынчтык жол менен, Грузиянын территориялык бүтүндүгүн бекем сактоо менен чечилерине түк күмөнүм жок, деп айтты Ногаидели.

Ич ара согуш тутанганда Абхазиядан грузиндердин көбү качып чыккан. Ушу жагдайды эске салып, Ногаидели Абхазиянын келечектеги статусун бул аймакты улуттук жактан тазалап алып, эми токтоосуз эгемендик берүүнү талап кылып жаткандар эле эмес, жалпысынан согушка чейинки калк чечиши керектигин белгиледи. Абхазиянын москвачыл бийликтерин грузин премьери сепаратисттик режим деп айыптады.

Жолугушууда Грузия менен Россиянын ортосундагы кыйын-кычкыл мамилелер да сөз болду. Жакынга чейин эле алакалар начар болуп келгенин, бирок эки күн мурда президенттер жолукканын эске салып, Ногаидели мунун арты практикалык чечимдер менен толукталарына, бери эле дегенде эки ортодо нормалдуу мамилелер калыбына келерине үмүт кыларын айтты. Грузиянын батышчыл багыты Россияга кандайдыр бир карөзгөйлүк кылууну көздөбөйт. Өлкөнүн Евросоюзга жана НАТОго кошулуу планы – грузин элинин чечими. Грузия жакынкы аралыкта бир катар жаңы программаларды аткарат.Ошондон соң Тбилисинин талапкерлигин НАТОнун эмдиги саммитинде талкуулаганга негиз түзүлөт. Грузия 2009-жылы альянска алынып калышы мүмкүн, деп айтты Ногаидели.

“Түстүү ыңкылаптардын” келечектеги таасир-таалими жана таралуу мүмкүндүгү туурасындагы соболго жооп берип, Ногаидели революцияны экспорттогонго дегеле болбой турганын, Грузияга да аны сырттан ким-бирөөлөр таңуулап алып келишти деп ойлогондор көп экенин айтып, революцияны грузиндер өздөрү жасаганын, бул грузиндердин гана эрки жана чечими болгонун баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG