Европадагы жөнөкөй, өзөктүк эмес куралдарды чектөө боюнча келишим 1990-жылы ноябрда Париж шаарында түзүлгөн жана ага - ал кезде касташкан НАТО уюму менен Варшава келишимине кирген мамлекеттер кол койгон. Европа аймагын аскерлер менен куралдардан бошотуу үчүн алардын санына чектөө салынган, натыйжада СССР жана андан кийин Орусия өзүнүн европалык аймагындагы куралдар менен аскерлерди Урал тооолорунан нары жылдырууга аргасыз болгон.
Жөнөкөй курал деп танкилер, чопкут машинелер, артиллерия, учактар жана аскерий тик учмалар таанылат. Атлантика деңизинен Урал тоолоруна чейинки аймакта бардыгы болуп, мисал үчүн, 40 миң танк, 13600 аскерий учак же төрт миң тик учмадан ашык болбош керек.
Бирок, келишим түзүлгөндөн жарым жыл өтпөй, 1991-жылдын июлунда Варшава уюму чачырап кеткендиктен тең салмак чындап эле өзгөрдү, Варшава келишимине кирген айрым жумурияттар кийин НАТО уюмуна мүчө болуп кирди. Андан тышкары Орусия өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарбагандыктан жаңы маселелер да чыкты. Кыскартыла турган аскер менен куралдар арасына - Молдованын курамында өз эгемендүүлүгүн жарыялаган Днестр жумуриятында жана Грузиянын аймагында жайгашкан орус аскерлери да кирген.
Ошондуктан 1999-жылдын ноябрында Ыстамбул шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташу уюмунун бийик жолугушуусунда Келишимге оңдоолор киргизилип, дагы эки кошумча келишим түзүлгөн, аларга ылайык Орусия өз аскерлерин Молдова менен Грузиядан эки жылдын ичинде чыгарып кетиш керек болчу. Бул кошумча келишимдер эмгиче толук аткарыла элек, ошол себептен европалык мамлекеттер алардын аткарылышын талап кылып, жалпы келишимди дагы бекитпей жатат.
26-апрелде болсо орус парламентине кезектеги кайрылуу менен чыкканда, президент Владимир Путин - аскерлерди биз гана кыскартып жатабыз, Европа мамлекеттери бул келишимди беките да элек, ошондуктан биз анын аткарылышына мораторий салабыз деп жарыялаган:
"НАТОго мүчө болуп кирген Словакия же Балтик жумурияттары мурда макулдашылганга карабай, бул Келишимге таптакыр кошулган жок, ошондуктан бизге каршы коркунуч түзүлүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Аны менен байланыштуу Келишимди аткарууга Орусия мораторий жарыяласа жакшы болот деп эсептейм", - деген Путин апрелде.
Варшава уюму чачырагандан кийин, ага мурда СССРдин курамында чогуу кирген Азербайжан же Казакстан сыяктуу мамлекеттер Европадагы куралдар боюнча келишимге өз алдынча кошулган, бирок Балтик жумурияттары анткен эмес, ошондуктан, Путиндин айтымында, алар өз аймагында эми канча кааласа, ошончо курал топтой алат.
Бирок, Путиндин демилгеси Батышта катуу сынга алынгандыктан, Венадагы жыйынга орус өкүлчүлүгүн жетектеп келген Анатолий Антонов 11-июнда - эч кандай мораторий жарыялана элек, Маскөө жөн гана маселени чечүү үчүн кеңири талкуу жүргүзүүнү көздөйт деп билдирди. Төрт күнгө улана турган жыйын журналисттер үчүн жабык өтүүдө.