Былтыр декабрда түркмөнбашы Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайтканда, Бердымухаммедовду президенттикке бир топ таасирдүү адамдардын тобу алып келген деп айтып жүрүшөт. Бердымухаммедовдун бактысын ачкан ал адамдардын катарында өлкөнүн Коргоо министри Амангелди Мамедгелдиев, Коопсуздук министри Гелдимухаммед Аширмухаммедов, Ички иштер министри Акмаммед Рахманов жана Президенттик коргоо кызматынын башчысы Акмурат Режепов болушканы айтылган. Дал ушул кишилер Түркмөнстандын деңгээлинде деле жылдызы жанбай келген Бердымухаммедовду жумурияттагы башкы мамлекеттик кызматка коюшту.
Кийин, жаңы өкмөттүн кабинетин жарыялаганда, президент ал төрт кишинин баарын өз оордуларында сактап калды. Бирок арадан үч ай өткөндөн кийин эле алар биринин артынан экинчиси жумуштан алынып олтуруп, азыр бир гана Коргоо министри калды.
Бул, чынында эле, чечкиндүү кадам болду. Өзгөчө, президенттик коргоо кызматында 1985-жылдан бери иштеп келаткан Режеповду оордунан кетирүү Бердымухаммедов үчүн оңой болбосо керек. Анткени буга чейинки президент Ниязов ал учурдагы Түркмөн Советтик Республикасынын башына келгенден бери аны дал ушул Режепов коргоп келген. Режеповдун кызматтан кетишин расмий булактар анын башка кызматка дайындалганы менен түшүндүрүштү. Бирок, айрым кабарларга караганда, Режеповдун уулу, коргоо кызматындагы улуу офицер камакка алынган жана Режеповдун да колуна заматта кишен салынган болушу мүмкүн. Кээ бир орус маалымат булактары Аширмухаммедов да түрмөгө отургузулганын айтышты.
Режеповду же Аширмухаммедовду ким алмаштырганын азырынча так айтуу кыйын. Бирок эң кызыгы – жакында орус президенти В.Путин казак президенти Н.Назарбаев менен бирге Түркмөнстанга барып, газ куурлары тууралуу келишимге кол коюшканда, түркмөн президенти Г.Бердымухаммедов Түркмөнбашы шаарына Путиндин президенттик учагында барганы белгилүү. Балким, түркмөн президенти жөн гана орус кесиптешинин көңүлүн алайын десе керек, а балким, ал жакында коргоо кызматынын башчысын кетиргенден кийин, өзүнүн дене сакчыларына анча ишенбей калгандыр?
Кандай болгон күндө да, бул окуя Бердымухаммедов Ниязов учурундагы таасирдүү үч өкмөттүк кишини кызматтан алуу менен, өлкөнү жаңыча нукта башкарууну самап жатканынан кабар берет. Бирок Аширмухаммедовдо, Рахмановдо жана Режеповдо өздөрүнүн жеке колдоочулары бар жана бул өңдүү “тазалоо” президенттин өзү үчүн тобокел чечим болгон өңдүү.
Мисалы, Акмаммед Рахмановду кызматтан алуу чечимин жарыялаган учурунда Рахмановду ал өз ишин жакшы аткарбагандыгы, анын айынан баңги заттарды сатуучулар колго түшпөй, кылмыштуулук өскөнүн, укук коргоо органдары аларды тутуунун оордуна, тетирисинче, алар менен бирге кызматташып жатканын айтып келип: “Ошон үчүн сени кызматтан алам. Кийин көрө жатарбыз эмне болорун. Эми, бар! Отур ордуңа!”, - деп жаш баладай урушуп берди. Мунун баары Ниязовдун мезгилин эске салгандай болду.
Бердымухаммедов башчысыз калган министрликтерге жакынкы күндөрү жаңы жетекчилерди дайындайт. Андыктан ага колдоо керек болот. Президентти Халк Маслахаты колдошу ыктымал.
Мамлекет башчысынын саясий чечимдерине, шартка ылайык, Халк Маслахаты формалдуу түрдө колдоо көрсөтүшү керек. Бул өзү парламент деле эмес, катарына эки жарым миңдей адамды алган өзүнчө бир жыйын. Ага өлкө парламентинен мүчөлөр, баардык министрлер, регионалдык жана жергиликтүү лидерлер, ошондой эле кландардын башчылары кирет. Булардан сырткары, ишкерлер тобу, түрдүү кесиптеги кызматкерлер да бар. Чынында, бул Маслахатка талапкерлерди кантип тандап алышаары белгисиз. Бирок эң башкы талап – Масхалатка кирүүнү каалагандар сөзсүз президенттин саясатын колдошу лаазым. 1999-жылы дал ушул орган буга чейинки президент Сапармурат Ниязовду өмүр бою президент деп жарыялаган.