Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:53

АПРЕЛЬ МИТИНГИ УЧУРУНДАГЫ БОЗҮЙЛӨР КАЙДА КЕТТИ?


Апрель митингдерин күч менен таркатуу учурунда Борбордук аянттан алынып кеткен алтымыш бозүйдүн онго чукулу гана ээлерине кайтарылып берилди. Буга чейин ИИМ бозүйлөрдүн баары милициянын атайын кампасында сакталып тургандыгын айтып келишкен. Бириккен фронттун лидерлери күч органдары тарабынан алынган бозүйлөр гана эмес, компьютерлер жана башка каражаттар да алигүнчө ээлерине кайтарылып берилбей келаткандыгын айтышууда.

Бириккен фронттун 11-апрелде башталган митинги учурунда Алатоо аянтына алтымыштан ашуун бозүй тигилген. Алардын баары 19-апрель күнү ички иштер аскерлери тарабынан чечилип, жүк ташуучу унаалар менен алынып кеткен. Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү журналисттерге бозүйлөр ШИИБнын кампасында сакталарын, ээлери каалаган күнү алып кете беришсе боло тургандыгын жарыя кылышкан. Буга байланыштуу бозүйлөрдү ээлерине кайтарып берүү боюнча өкмөт атайын чечим кабыл алып, бул ишке жоопкерчилик президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акунга тапшырылган. Турсунбек Акундун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча 11-июнда 16 бозүй ээлерине тапшыруу үчүн адвокатка өткөрүлүп берилген:

- Токтоматов деген адвокаттын жана Бириккен фронттун активисттеринин бири Эркин Бөлөкбаевдин катышуусунда 16 бозүйдү өткөрүп бердик. Суу тийбей турган жерге тыпыйтып жыйып коюшкан экен. Бүт бардык күч органдарынын өкүлдөрүн чакырып, кайтарып алып бердим. Калганын дагы кайтарабыз.

Бирок Бириккен фронт мүчөлөрү башкача маалымат беришүүдө. Аталган фронт лидерлеринин бири Эмил Алиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча 11-июнь күнү 50гө жакын киши бозүйлөрүн алып кетүү максатында ИИМдин аскердик бөлүгүнө барышкан. Бирок ал жерден 60 бозүйдүн ордуна 9 гана бозүй араң чогулган:

- Бир аскердик бөлүктө 16 эле боз үйдүн түндүгү турган. Элүүгө жакын киши барган эле, алардын ичинен тогузу гана өздөрүнүн бозүйлөрүн таанып, алып кетишти. Ошондо да үйлөрдүн кийиздери, чийлери жок, жыгачтары талкаланган.

Эмил Алиев 19-апрелде аянттан бозүйлөрдү чечип кетүү менен бийлик мыйзамсыз ишке барды деп эсептейт:

- Аянтка тигилсе да ал бозүйлөр бирөөлөрдүн менчиги. Менчикти жөн эле бузуп, тартып алууга эчкимдин акысы жок. Эгер прокурор же дагы башка алып кетүүгө буйрук берүүгө укугу бар киши айткан күндө да элдерди чакырып туруп, акт түзүп туруп, алып кетиши керек эле. Алар акт түзбөй эле тоноп кетишти. Бул – кылмыш.

Бийлик бозүйлөрдү кайтарып бербесе, анда алардын ордун акчалай түрдө толтуруп берүүгө тийиш деп эсептейт Бириккен фронттун дагы бир мүчөсү Асия Сасыкбаева. Анын айтуусунда митингди кууп таркатуу жана жарандардын менчигин мыйзамсыз тартып алуу менен мамлекеттик атка минерлер элге каршы иш жасашты:

- Алгандан кийин кайтарып бериш керек. Бозүйлөрүн алууну каалагандарды да “атаңа бар, энеңе бар” кылып, топ тепкендей бири-бирине өткөрүп, мамиле кылып жатышыптыр. Муну менен биздин бийлик ээлери элге каршы иш жасап атышат.

Бириккен фронттун мүчөлөрүнүн айтуусунда 60 бозүйдүн ээлерине 120 миң доллардан ашуун жоготуу болгон. Мындан тышкары 19-апрель күнү жана андан кийин Бириккен фронттун ондогон чатырлар, компьютерлери жана музыкалык аппаратуралары күч органдары тарабынан алынып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин булар да кайтарыла элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG