Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

АЛТЫ МАМЛЕКЕТТИН БИРГЕЛЕШКЕН АСКЕРДИК МАШЫГУУСУ


Учурда Астана жана Бишкек шаарларында АКШнын Борбордук командачылыгы менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн «Аймактык кызматташтык-2007» биргелешкен машыгуусу өтүүдө. Ага АКШ, Ооганистан, Пакистан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер адистери катышууда. Машыгуу жаратылыш кырсыктарын алын алуу жана террорчуларга каршы күрөшүүгө багытталган.

Өлкөнүн коргоо министрлигинин Бишкектеги офицерлердин жана прапорщиктердин билимин өркүндөтүү борборунда өтүп жаткан машыгууда Ооганистан, Пакистан, АКШ, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер адистери Астана менен түз байланышып, өз пикирлерин айтып, машыгууну багыттап, башкарып турушту.

Бул “Аймактык кызматташуу” келишиминин алкагындагы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан биргелешкен машыгуу. Америка Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүнүн дүйнөнүн борбордук бөлүгүндөгү командачылыгынын полковниги Шон Донохилдин айтымында мындай машыгуунун тушоосу алгач ирет АКШда кесилип, андан кийин Германияда өткөрүлгөн.

- Быйыл Борбор Азияда өтүп жаткан биргелешкен машыгуунун негизги максаты- жаратылыш кырсыктары болгон учурда аскер күчтөрүнүн биргелешкен аракеттерин аныктоо жана ушундай кырдаалда маалымат алышып, аракеттерди координациялоо. Ошондой эле террористтик аракеттерге каршы туруп, аймактын коопсуздугун сактоо.

Америка Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүнүн подполковниги Жим Ентенинин пикиринде мындай аймактык машыгуунун маанисин жана баалуулугун түшүнгөн катышуучулар, аскер адистери бардык тапшырмаларды ынтаа менен так аткарып турушту.

- Мындай машыгуулардын мааниси жана таасири жогору. Биргелешкен машыгууларда коюлган милдеттерди катышуучулар так, туура аткарууга аракет кылып жатышат.

“Манас” аэропортунда жайгашкан АКШнын аскер- аба күчтөрү бул аймактык машыгууга катышкан жок. Америка Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүнүн дүйнөнүн борбордук бөлүгүндөгү командачылыгынын полковниги Шон Донохил көпчүлүктүн көңүлүн буруп турган “Манас” аэропортундагы АКШнын аскер- аба күчтөр базасы Борбор Азиядагы жана Ооганистандагы коопсуздукту сактоо үчүн зарыл экендинин дагы билдирди.

- Мен АКШнын куралдуу күчтөрүнүн офицери катары гана өз оюмду айта алам. “Манас” аэропортунда жайгашкан АКШнын аскер- аба күчтөр базасы Борбор Азиядагы жана Ооганистандагы коопсуздукту сактоо үчүн зарыл жана абдан керек.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков мындай эл аралык биргелешкен машыгуулар аскер адистеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатып, даярдыгына өбөлгө болот. Чет өлкөлөр менен кызматташуубуз тереңдеп баратат, дейт Исмаил Исаков.

Аскер эксперти, куралдуу күчтөрдүн запастагы полковниги Токтогул Какчекеевдин пикиринде Кыргызстандын аскер адистеринин кесиптик деңгээлин көтөрүүдө Орусиянын аскер Академиясы баш болгон атайын аскер окуу жайларынын ролу чоң болуп келген.

- Орусия менен кызматташууга ыктап жаткан учурда мындай биргелешкен машыгуулар АКШ менен да аскердик байланышты чыңдоого жана алардын таасирин жогорулатууга өбөлгө болот. Бул АКШнын каржылоосундагы машыгуу болгондуктан алардын аскердик саясатын көздөйт. Мындай машыгууларга катышуудан чочулоонун кереги жок.
Ошондой эле өлкөдө чет тилдерин билген аскер адистери саналуу гана. Жарым профессионалдык армия түзүлсө мындай аймактык машыгуулар адистердин даярдалышына шарт түзүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG