Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

АКСЫ ОКУЯСЫНЫН НАГЫЗ КҮНӨӨЛҮҮЛӨРҮ КИМДЕР?


Аксы окуясын кайрадан иликтеп баштаган Башкы прокуратура ошол кездеги бир нече мамлекеттик кызматкерге кылмыш ишин козгоду. Алардын ичинде Жалалабат облусунун ошол убактагы губернатору, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаевге да кылмыш иши козголуп, аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратып берүү тууралуу өтүнүч парламенттин төрагасына жиберилди. Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар менен саясатчылар Аксы окуясына тиешеси бар мамлекеттик атка минерлердин, алардын катарында азыркы президент Курманбек Бакиев да жоопко тартылууга тийиш деген пикирлерин билдиришүүдө.

Башкы прокуратура 2002-жылы 17-мартта жүргүзүлгөн “Тайфун” операциясына байланыштуу кайрадан кылмыш ишин козгогону белгилүү. Учурда бул ишке байланыштуу президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловго, Ички иштер министринин мурдагы 1-орун басары Садырбек Дубанаевге, Жалалабат облустук ИИБнын ошол кездеги жетекчиси Абдымитал Токобаевге жана Жалалабат облусунун мурунку губернатору Султан Урманаевге кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловдун келе албаганына байланыштуу 12-июнда тергөө болгон эмес. Ал эми мурунку губернатор, азыр парламенттин депутаты Султан Урманаевди депутаттык кол тийбестиктен ажыратып берүү өтүнүчү Жогорку Кеңешке жиберилген.
Султан Урманаевге “шалаакылыкыгы” үчүн деп иш козголгон. Депутаттын өзүнүн айтуусунда ага Аксы окуясына аралашууга ошол мезгилде жогорку бийликтегилер уруксат берген эмес:

- Карыпкулов мени Бекназародун ишинен оолак кылууга аракет жасады. Мен ошол кездеги губернатор катары элди тынчытууга, эл менен сүйлөшүүгө аракет жасасам, “Сен бул ишке кийлигишпегин, ал жакта аким бар, биз иштеп жатабыз, буга тийишпегин” деп дайыма четтетип турбадыбы.

Султан Урманаев өзү да Аксы окуясы акыйкат иликтенип, аягына чекит коюлуусуна кызыкдар экендигин кошумчалады.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча “Тайфун” операциясы 17-март күнү түшкү саат 14:30 да ишке киргизилген. Бирок, аны жүргүзүүгө буйрук ошол күнү кечки саат 18ден кийин берилген.

Кээ бир укук коргоочулар Аксыда тынч жүрүшкө чыккан элге каршы “Тайфун” операциясын колдонгон мамлекеттик атка минерлердин баары жоопко тартылууга тийиш деп эсептешет. Алардын катарында "операцияны ишке киргизүү тууралуу буйрукка ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев кол койгон" деген божомолдор бар. Мамлекет башчы өзү болсо аталган операцияга эч кандай тиешеси жоктугун дайыма кайталап айтып келет.

Аксы окуясын иликтөө боюнча 2002-жылы 21-мартта түзүлгөн коомдук комиссиянын мүчөсү, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бул суроону мамлекет башчынын өзүнө бир нече жолу бергендигин, бирок дайыма терс жооп алып келгендигин белгиледи:

- Эгерде Курманбек Бакиев Аксы окуясына эч кандай тиешеси жок экендигин далилдегиси келсе, анда ал бул ишке акыйкат чекит коюлуусуна бизден да кызыкдар болууга тийиш. Бул ишти акырына чыгарууга аракет бүгүнкү президенттен болуусу керек.

2002-жылы 17-мартта Бозпиекте атылган элдин арасында жүргөн укук коргоочу, азыр президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Аксы окуясында кан төгүлүүсүнө Курманбек Бакиевдин тиешеси жок дейт:

- Президент Курманбек Бакиев ал кезде өкмөт башчы болуп турганы менен өлкөдөгү саясий иштерден четтетип коюшкан. Майрам Акаева менен Аскар Акаев, Карыпкуловдор баштап, аны четтетип салышкан.

Аксы окуясына байланыштуу соттук териштирүү 14-июнда Жогорку сотто кайрадан карала баштайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG