Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

БОРБОР АЗИЯЛЫК БИРИНЧИ ҮЙБҮЛӨЛӨРГӨ ЭЧ КИМДИН АЛЫ ЖЕТПЕЙБИ


Көп өлкөлөрдө мамлекет башчысынын бала бакырасы аздыгына карабай алдуу күчтүү катмар болуп саналат. Борбор Азия өлкөлөрү да бул жаатта өзгөчөлөнбөйт. Бишкектен Ашхабадга чейинки мейкиндикте зор байлыктын жана чектелбеген бийликтин бир үйбүлөнүн колунда топтолушу, бул өлкөлөрдөгү саясий жана социалдык туруктуулукка терс таасирин тийгизбейби?

Казакстанда жакында эле президенттин кызы менен ажырашкан күйөө баласы Рахат Алиевге байланышкан соңку жаңжал Борбор Азиядагы биринчи үйбүлөлөрдүн канчалык таасирдүү экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бул аймакта президенттин бала-бакырасы жана жакын туугандары эбегейсиз байлыкты топтоп алганы жаңылык деле эмес.

Кыргызстанда экс-президент Аскар Акаевдин урук-туугандарынын сугалактыгы анын мындан эки жыл мурда бийликтен куулушуна негизги себептердин бири болгон. Эми анын ордуна келген Курманбек Бакиевдин бала-бакыра, жоро-жолдошторуна да "алдым-жуттумдар" деген кине коюлуп, ушул жазда миңдеген киши демонстрацияга чыкты.

Бакиевдин үйбүлөсүнө укук коргоочу Эдил Байсалов, президенттин жакындары жергиликтүү маалымат каражаттарын, анын ичинде Пирамида жана Бешинчи каналды көзөмөлдөп, ири саясий постторго дайындоолорго жана сот чечимдерине кийлигишет деген кине коюп келет.

Кыргызстанда саясий оппозиция жана көз карандысыз маалымат каражаттары президентке кур дегенде ушул өңдөнгөн кинелерди ачык кое алышат. Коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстанда мисалы, буга саналуу гана адамдар даайт.

Ташкенде президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованы “өзбек ханышасы” деп коюшат. Себеби, Гүлнараны чириген бай гана эмес, атасынын ордун баса турган президенттик мураскор деп билишет. Батыш жана орус маалымат каражаттарында энергетика, газ, цемент өңдөнгөн тармактарда Каримованын таасири чоң экендигин жазып келишет. Ошондой эле анын миллиондогон доллардык зергер буюмдары, Дубайда жана Женевадан баалуу кагаздар холдинги, түнкү клубдары, пансионаттары бар деп да айтышат. Өзбекстандын өзүндө маалымат каражатттары Гулнара Каримованы бизнестин көзүн билген ишкер жана президенттин эки небереси Ислам менен Имандын сүйкүмдүү энеси катары сүрөттөшөт.

Каримова өзү тууралуу уу-дуу кептерди четке кагып, "менин болгону Өзбекстандын башкы мобилдик байланыш операторунда гана көпчүлүк акцияларым бар" деп айтып келет. Ал эми алтын сөйкө, шакектерге байланыштуу ал "зергер буюмдарын жасоо - бул менин хоббим гана, андан чоң киреше жок" деп ырастаган.

2006-жылы Каримова жаңы хобби таап алды - Гуугуша деген ат менен клип тартып, музыкалык сахнага кадам таштады. Батыштык байкоочулар, анын ичинде Британиянын Ташкендеги мурдагы элчиси Крейг Мюррей муну Каримованы президенттикке даярдоо камылгасы деп баалашты.

Коңшулаш Тажикстанда президент Эмомали Рахмоновдун 9 уул-кызынын айрымдары, анын ичинде күйөө баласы Хасан Саадуллоевдин президентке жакындыгынын аркасы менен зор байлыкты басып отурушканы айтылып келет. Расмий маалымат боюнча, президенттин кызы Тахмина гана Дүйшөмбү калаасында супермаркетке ээлик кылат, ал эми анын таекеси "Ориент" деген банкты жетектейт.

Бирок, Маскөөдө жашаган тажик журналисти, оппозициячыл саясатчы Додожон Атовуллоевдын ишениминде президенттин урук туугандары көптөгөн ишканаларын, биржаларын, маалымат каражаттарын жана банктарын жашырып, башкалардын атына жаздырып коюшкан.

Рахмондун оппоненттери президенттин бала бакыра, урук-туугандарынын бизнес жүргүзүп, акча тапканга укугу жок дешпейт, бирок алардын президентке таянып, байлык топтошконун жана өз таасиринен пайдаланып, бизнес боюнча атаандаштарына кысым көрсөтүшкөнүн туура көрүшпөйт.

"Азаттык" менен маегинде Атовуллоев президент Рахмондун жакындары өлкөнү “зор үйбүлө бизнесине” айлатты деп айыптады:

- Тажикстандын банк иштери боюнча мыйзамында банк системасында беш жыл иштеген киши гана банк жетекчиси боло алат деп жазылган. Бирок белгилүү болгондой, президенттин күйөө баласы Хасан Саадуллаев бир да банкта, бир да күн иштеген эмес, бирок Ориентбанктын жетекчиси болуп бекитилди. Андан көп өтпөй, Тажик Аба Жолдору, Тажик Темир Жолдору сыяктуу чоң чоң мамлекеттик ишканалар эсептерин Улуттук Банктан Ориентбанкка которушту.

Бирок, президент менен куда сөөк күтүш кээде өтө кооптуу болушу мүмкүн. Атовуллаевдин сөзү боюнча, президент Рахмондун кызы Тахмина күйөөсү менен ажырашканда, анын кайнатасы Йормухаммад Гулов Мамлекеттик Азык түлүк компаниясынын жетекчилигинен бошоп калган.

Ал эми Өзбекстанда, Гулнара Каримова теги оогандык өзбек, АКШнын жараны Мансур Максуди менен ажырашкандан кийин, ал жетектеген Ташкендеги Кока-Коланын бөлүмүнүн иши үзгүлтүккө учурап, ишкана Өзбекстандагы менчигинин дээрлик баарын таштап кетүүгө мажбур болгон.

Кооптуу кырдаалдарды көзөмөлдөөчү Эл аралык Кризис тобунун Борбор Азия боюнча директору Майкл Холдун сөзүнө ылайык, жакынкы мезгилде Тажикстанда эң жогорку деңгээлдеги коррупция менен күрөш жеңил болбойт. Анткени 1990-жылдардагы беш жылдык ички согуштан кийин тажик жарандарынын көбү Эмомали Рахмонду стабилдүүлүктүн гаранты деп билишет, жана анын үйбүлөлүк бизнесине каршы көтөрүлөөрү күмөн.

Бирок, Өзбекстанда кырдаал башкачараак. Холдун айтымында, Гүлнара Каримованын атасы өткөндөн кийин, саясий жана бизнес чөйрөлөрү ага кастарын тигип чыгышы ыктымал:

– Албетте Гүлнара Каримова, менин оюмча, атасынын ордун басам деп ойлошу мүмкүн. Бирок ушак-айыңга караганда, анын азыртадан эле саясий жана экономикалык элитанын арасында душмандары көп. Ошондуктан, ага жеңил болбойт.

Бирок, Холл жана башка эксперттер жакыр өлкөлөрдө президенттин бала-бакырасынын өз билгениндей бийикке кийлигишип, байлыкка тунганы акыры саясий жана социалдык козголууларга түрткү болушу мүмкүн экендигин эскертишет.

XS
SM
MD
LG