Нато Россиянын Азербайжандагы жабдууларды биргелешип пайдалануу жөнүндөгү сунушуна Кошмо Штаттар макул болбосун кыйытууда. Натонун баш катчысынын орун басары Яап де Хооп Скеффер антиракеталык жабдууларды Азербайджанда орнотуу кооптуу мамлекеттерге ого эле жакындык кылат, деди Иранды кыйыткан. Анын орун басары Жон Колстон 11-июнда журналисттер үчүн өткөргөн брифингде буларды айтты:
- Азербайджандагы радарлар коркунуч жаратып жаткан мамлекеттерден эффективдүү коргонуу үчүн коркунуч булагына өтө жакын турат. Бизге алысыраак жайгашкан радарлар керек.
Ошентсе да радарлар жайгашчу жерди тандоо жана аларды башкаруу укугу НАТОго эмес, Вашингтонго таандык болоору шексиз. НАТОГо мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери, анын катарында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс - бул маселени россиялык кесиптеши Анатолий Сердюков менен 14-июнда Брюсселде талкуулашат. Россия Польша менен Чехияда Американын радар системаларын жайгаштырууга караманча каршы, анын пикиринде, Кошмо Штаттар Европаны коргобой эле Россияга коркунуч жаратып жатат. Ошон үчүн Москва эгерде Америка бул чечиминен кайтпаса, өзүнүн аймагында Европаны мелжиген ракеталарды жайгаштырууга мажбур болот.
НАТОнун беймаалым калууну каалаган өкүлдөрүнүн бири биздин радиого берген маалыматында Россиянын Азербайджанда иштеп жаткан жабдуулары 1984- жылы курулганын, АКШнын Польша менен Чехияда жайгаштырыла турган системасына техникалык көрсөткүчтөрү жагынан тең келе албастыгын, демек АКШны канааттандыра албастыгын айтты. Путин муну жакшы билет, бирок мындай сунушту НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ич ара келишпестиктерин ого бетер ырбатуу үчүн жасады, дейт өкүл.
Брюсселде бүгүн баштала турган жыйында дагы бир маанилүү маселе - Ооганстандагы абал талкууланат. Ан үчүн жыйынга 15-июнда Ооганстандын коргоо министри Абдул Рахим Вардак кошулат. Акыркы убакта өлкөдө Талибан согушкерлеринин кол салуулары күч алып, карапайым калк арасындагы жоготуулар көбөйдү. НАТО калктын коопсуздугун камсыздоо, Талибанга каршы жүргүзүлгөн аскердик операциялардын натыйжалуулугун артырууну талкуулайт. Ошону менен катар эле ооган полициясын калыптандыруу маселеси көтөрүлөт. Азыр Ооганстанда 40 миңей полиция кызматкери бар, план боюнча алардын саны 82 миңге жеткирилши керек. Полицисттерди даярдоо үчүн Еврошракет Ооганстанга 160 окутуучусун жибергени жатат. НАТО жетекчилиги мунун кубаттоо менен каршы алды.